Физикалык-географиялык карталар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Физикалык-географиялык карталар
Remove ads

Физикалык-географиялык карталар табияттын айрым компоненттерин жана кубулуштарын (климат, топурак ж. б.), алардын мыйзам ченемдүү айкалышын, жайгашуусун жана табигый аймактык комплекстерди чагылдырып турат.

Thumb
Физикалык-географиялык карта (1926).

Негизги Физикалык-географиялык карталарга геоморфологиялык, климаттык, топурактык, океанол., геоботан., ландшафт карталары жана айрым атайын карталар кирет. Камтылган темага жана берилген ыкмасына жараша Физикалык-географиялык карталар анализдик (мис., климаттын типтери) жана синтездик болуп эки топко бөлүнөт. Азыркы мезгилде табиятты рационалдуу пайдаланууга жана коргоого керектүү Ф. г. к-дын ресурстук, баалоочу, прогноздук ж. б. тематикалык типтери зор мааниге ээ болууда. Физикалык-географиялык карталарды түзүүдө талааны изилдөөдөгү маалыматтар жана атайын (ландшафттык ж. б.) картага түшүрүүлөр, ошондой эле аэрокосмостук сүрөттөр кеңири пайдаланылат.

Remove ads

Байланыштуу макалалар

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads