Физиотерапия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Физиотерапия (байыркы грек тилинен φύσις — жаратылыш + θεραπεία — дарылоо) — клиникалык медицинанын бир бөлүгү; жаратылыштагы табигый (күн нуру, аба, суу, дары баткактар) жана жасалма (электр тогу, электр-магнит талаасы, ультраүн жана башкалар) физикалык факторлорду, алардын таасир этүү механизмин изилдейт, ооруларды дарылоо жана алдын алуу методдорун иштеп чыгат.
Физиотерапияга электр менен дарылоо, нур, иондоштурулган аба, суу жана жылуулук, кыймыл жана башкалар менен дарылоо кирет. Физиотерапия физика, химия, электр жана радиотехника, биофизика, биохимия, ошондой эле курортология жана клиникалык дисциплиналар менен тыгыз байланыштуу. Физиотерапиялык методдор азыр дарылоо жана профилактикалык мекемелерде кеңири колдонулууда. Борбордук жана республикалык физиотерапия жана курортология илим изилдөө институттары Физиотерапияда колдонулуучу факторлордун адамдын организмине тийгизген таасирин илимий жактан аныктайт. Ошондой эле жаңы дарылоочу методдорду практикага киргизет.

Remove ads
Колдонулган адабият
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads