Формула 1

From Wikipedia, the free encyclopedia

Формула 1
Remove ads

Формула (Formula 1;F1) - бул дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлдеги автоспорт боюнча мелдеш. Ага дүйнөнүн эң мыкты айдоочулары жана эң күчтүү командалары катышат. Бул мелдеш FIA (Эл аралык автоспорт федерациясы) тарабынан өткөрүлөт.

Thumb

Формула 1 — Гран-при деп аталган жарыштардан турган дүйнөлүк чемпионат. Ар бир жарыш башка мамлекетте, башка трассада өткөрүлөт.

Жарыштын этаптары

Жыл ичинде 20дан ашык жарыш болуп, алардын жыйынтыгында дүйнө чемпиону аныкталат. Формула 1 жарышы төмөнкүдөй этаптардан турат:

логотип

Практика: Жарыш болордон 1–2 күн мурда айдоочулар трасса менен таанышып, машыгышат.

Квалификация (Qualification): Бул этапта ким канчанчы орундан жарышка чыгары аныкталат. Ким эң тез убакытта айдап чыкса, ошол биринчи орунга ээ болот (пол-позишн ).

Негизги жарыш (Race): Жекшемби күнү негизги жарыш өтөт. Болиддер стартка чыгып, белгиленген айлампаларды (айланууларды) айдашат — көп учурда бул 50–70 айлампа болот. Ким биринчи болуп финишке жетсе, ошол жеңүүчү болот. Формула 1де колдонулуучу машиналар — болиддер деп аталат. Алар кадимки унаалардан таптакыр айырмаланат:

Remove ads

Командалар жана унаалар

  • Ар бир командада 2 айдоочу болот.
  • Жалпысынан 10 команда катышат (мисалы: Red Bull, Ferrari, Mercedes ж.б.).
  • Унаалар атайын техникалык талаптарга жооп бериши керек: салмагы, кыймылдаткычы, аэродинамикасы ж.б.

Ылдамдыгы: 0–100 км/саатка 2 секундада жетет; максималдуу ылдамдык – 360 км/сааттан жогору.

Жарыш эрежелери

  • Старт – баары бир учурда (standing start).
  • Шиналар – эки түрдүү шинаны колдонуу милдеттүү (кургак трассада).
  • Пит-стоп – шиналарды алмаштыруу үчүн токтошот (жанармай куйганга тыюу салынган).
  • Коопсуздук унаасы (Safety Car) – кырсык болгондо трассага чыгат.
  • Кызыл желек (Red Flag) – жарыш убактылуу токтойт.
  • Сары желек (Yellow Flag) – кооптуу аймак, басып өтүүгө болбойт.
  • DRS – атайын система, айдоочуга озуп кетүүгө жардам берет.

Упай берүү тартиби:

Толук маалымат Орун, Упай ...

Формула 1 тууралуу айрым кызыктуу фактылар

  • Айдоочулардын жүрөгү жарыш учурунда 160-180 жолу мүнөтүнө согот.
  • G-күч (жүгүртмөлөрдө) космонавттардыкындай болот — 5g чейин!
  • F1 унаасы 0-100 км/с болгуча болгону 2.5 секунддай кетет.
  • Бир жарыш учурунда айдоочу 2-3 кг салмак жоготот (тердөө жана стресстен).
  • Командалардын бюджети 135-145 миллион доллардын тегерегинде чектелген.

Командалардын аталыштары:

Red Bull Racing, Mercedes-AMG, Ferrari, McLaren, Aston Martin, Alpine, Williams, Haas,Kick Sauber, Rasing Bulls.

Колдонулган адабияттар

https://www.formula1.com/en/teams Формула 1 дин оффициалдуу сайты


https://f1-times.ru/formula1/

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads