Фридрих Энгельс
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Фридрих Энгельс (1820–1895) – марксист.

1844-ж. августта Энгельс менен Маркс Парижде жолугушуп, ошондон алардын достугу жана биргелешкен ишмердиги башталат.
Энгельстин эмгектери
- «Немец идеологиясы» (1845–1846) китебинде Гегелдин идеалисттик философиясын, Фейербахтын материализмин жана «чыныгы социализмди» ар тараптан сындап, «илимий коммунизмдин» кеңири түшүндүрмөсүн беришкен.
- «Анти-Дюринг» (1878) – Энгельстин эң таасирдүү эмгектеринин бири. Бул эмгегинде ал Маркстын эки ачылышынан – тарыхты материалисттик түшүнүү жана кошумча нарк теориясынан – улам социализм утопиядан илимге айланды – деп белгилеген. Китептин үчүнчү бөлүгүндө илимий социализмдин тарыхын жана теориясын берип, илимий социализм пролетардык кыймылдын теориялык көрүнүшү – деп белгилеп жана келечектеги коммунисттик коомду мүнөздөгөн.
- Мамлекеттин келип чыгышы жана маңызы – Энгельс «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» (1884) китебиндеги башкы проблемалардын бири. Анда мындай дейт: «. . . эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнүн белгилүү бир даражасында жеке менчик, адамды адам эзүү, коомдук таптарга бөлүнүшү жүрүп, мамлекет таптык үстөмдүктүн куралына айланат».
Энгельс мамлекеттин төмөндөгүдөй маанилүү элементтерин баса белгилеген: аймактык бөлүнүү, ачык бийлик, салыктар; келечектеги тапсыз коммунисттик коомдо мамлекеттин сөзсүз түрдө жоюлаарын көргөзгөн. Бардык марксисттер сыяктуу эле, Энгельс коомдогу мамлекеттин жашоосунун оң маанисин төмөндөтүп, мамлекет эзүүнүн куралы экендигин ашыкча баалап, мүнөздөгөн.
Remove ads
Колдонулган эмгектер
- Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9
- Ленин В.И., «Фридрих Энгельс»
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads