Хазарлар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Хазарлар
Remove ads

Хазарлар – түрк тилинде сүйлөгөн көчмөн уруулар. Чыгыш Европага хунндардын толкуну (4-кылым) менен барышкан. 6-кылымдын 60-жылдары Түрк кагандыгына баш ийишкен. 7-кылымдын ортосунда хазарлар кагандыгы калыптанып, 965-жылга чейин өкүм сүргөн. Хазарлар кагандыгы талкаланган соң, өлкөнүн калкы башка түрк тектүү элдердин курамдарына жуурулуп кетишкен. 9-кылымда хазарлар иудаизм динин кабыл алышып, ал мамлекеттик дин катары жарыяланган. Иудаизмди тутунган караимдерди Хазарлардын урпактары деген жоромолдор бар. Гедиминдин тушунда Крымдан Литвага көчүрүлгөн караимдер ушул тапта Литва, Польша, Израилде жашашат.

Thumb
Remove ads

Колдонулган адабият

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер




Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads