Василий Целиковский

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Целиковский, Василий Васильевич (1900, Царицын, Пироговка айылы —1958, Москва) — дирижёр. Кыргыз ССРинин (1944), РСФСРдин эл артисти (1955). 1924—30-ж. Москва консерваториясында окуган. 1930—34-ж. Кызыл Армиянын Борбордук үйүнүн симфониялык оркестрин жетектеген. 1937-жылдан Фрунзе шаарындагы музыкалуу драма театрынын башкы дирижёру, 1939—48-ж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы дирижёру, көркөм жетекчиси болуп иштеген. Ц. кыргыз театр репертуарын байытууда, музыка адистерин даярдоодо көп эмгектенген. "Айчүрөк" операсын сахнага коюуга катышып, анын башкы режиссёру болгон.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads