Шалтаев, Болот
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Шалтаев, Болот – театр артисти.
Шалтаев, Болот | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Шалтаев, Болот |
Туулган жылы: | 1935-жыл |
Туулган жери: | Шалта айылы, Сокулук району, Фрунзе облусу, Кыргызстан |
Өлгөн жылы: | 1979-жыл |
Өлгөн жери: | Фрунзе шаары, Кыргыз CCРи |
Сөөгү: | Шалта айылынын көрүстөнүнө коюлган, Сокулук району, [Чүй]] облусу, Кыргыз ССРи |
Өлкө: | ![]() ![]() |
Ишмердүүлүгү: | театр артисти |
Наамдары: | Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти |
Чыгармачылык активдүүлүгү: | 1957-1979-жылдар |
Театр: | Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры |
Remove ads
Өмүр баяны жана чыгармачылыгы
Болот Шалтаев орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театр өнөрү институтуна (ГИТИС) окууга өтөт.
Институтту 1957-жылы ийгиликтүү аяктап келип, курсташтары А.Кыдырназаров, С. Далбаев, А.Өмүралиев, А.Усупбеков, З.Молдобаева ж.б. менен Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрына кызматка аланат.
Ушул театрда Б.Шалтаев өмүрүнүн акырына чейин ийгиликтүү эмгектенген.
Кыргызга таанымал артист Жамал Сейдакматованын жубайы болгон.
Remove ads
Чыгармачылыгы
Болот Шалтаев Кыргыз драма театрында ар түрдүү пландагы ролдорду чыгармачылык эргүү, өзүнө гана таандык индивидуалдуу өзгөчөлүк менен аткарган, кийинки муун кумир туткан өтө таланттуу актер болгон.
Анын өзүн сахнада “шамалдай” алып жүргөнү, күчтүү темпераменти , башкаларга окшобогон үнүн өзгөчө тембри, артисттик техниканы укмуштай пайдалана билгени көрүүчүлөргө катуу таасир эткен.
Б.Шалтаевдин кыргыз театрынын тарыхына кирген, этаптуу ролдорунун бири англиялык улуу драматург В.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Петруччионун ролу.
Бул спектаклде ал жубайы Жамал Сейдакматова экөө сахнада өнөк болушуп, бирге ойношкон. Ж.Сейдакматова бул оюнда Катаринаны аткарган.
Бул ролго удаа эле Б.Шалтаев дагы бир “жылдыздуу роль” ойнойт. Ал Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” драмасындагы Б.Шалтаев жараткан Шамурдун эстен чыккыс образы.
Айрыкча Б.Шалтаев ойногон, башкырт акыны жана драматургу Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” трагедиясындагы Думанасы, кыргыз актердук мектебинин хрестоматиясына кире турган өтө таланттуу жаралган образдардан болуп саналат.
Б.Шалтаевдин өзгөчө тембри менен кыргызчага которулган ондогон фильмдер кыргыз элине таанымал болгон.
Remove ads
Театрдагы негизги ролдору
- Дүйшөн (Ч. Айтматов, “Биринчи мугалим”)
- Шамил (Б. Өмүралиев, “Унутулгус күндөр”)
- Таабалды (Ж. Садыков “Жукеев-Пудовкин”)
- Искендер (М.Байжиев, “Төрт адам”)
- Петруччио (В.Шекспир, “Азоого чалма”)
- Шамур (Ш. Садыбакасов, “Ак боз ат”)
- Тибальт (В. Шекспир, “Ромео менен Жульетта”)
- Солтобай (Т. Абдумомунов, “Ашырбай”)
- Думана (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)
- Корнель (Карел Чапек, "Эне")
- Яго (В. Шекспир, “Отелло”)
Колдонулган адабияттар
- Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.
Интернет шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads