Шилби

From Wikipedia, the free encyclopedia

Шилби
Remove ads

Шилби (лат. Lonicera, L. 1753) – шилбилер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көпчүлүгү түз сабактуу же чырмалма бадал, чанда анча чоң эмес дарак. Бийикт. 0,5-10 м. Жалбырагы жөнөкөй, сүйрү, туташ жайгашат. Гүлү ак, сары, кызгылт же кызыл түстүү, жуптан жайгашат, айрымдары төгөрөк. Мөмөсү ширелүү жемиш. Дүйнөдө 200дөн ашык, КМШда 50, Кыргызстанда 20дай түрү белгилүү. Көбүнчө токойдо же ачык тоо беттеринде өсөт. Кадимки Ш., Россиянын Европа бөлүгүндө, Чыгыш Сибирде, татар Ш-си Волгадан Енисейге чейин, көгүш Ш. Карпатта өсөт. Ш-нин жыгачы катуу, түрдүү иштерге керектелет. Дары-дармек жасоодо пайдаланылат. Кооз жана жармашып өсүүчү түрү кооздук жана жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт.

Thumb
Lonicera caprifolium.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads