Ысык-Көл эл аралык аэропорту

From Wikipedia, the free encyclopedia

Ысык-Көл эл аралык аэропортуmap
Remove ads

Ысык-Көл эл аралык аэропорту (англ. Issyk-Kul International Airport, орус. Международный аэропорт «Иссык-Куль») (IATA: IKU (ИКУ), ICAO: UCFL) — Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын батыш тарабынан 35 км, ал эми Тамчы айылынан 5 км алыстыкта жайгашкан. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун курамына кирген 5 эл аралык аэропорттордун бири. 2016-жылы «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту IATA тарабынан IKU кодун алган[1].

Ыкчам фактылар Ысык-Көл эл аралык аэропорту, IATA: IKU (ИКУ) – ICAO: UCFL IKU ...
Remove ads

Тарыхы

1975-жылы ачылган "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту башында Чолпон-Ата аэропортунун резервдик пункту катары иштеген. Учуу-конуу тилкеси жана жүргүнчүлөр терминалы 2003-жылы курулган. Дал ушул жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул объектке "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту деген жаңы ат берип, анын статусун жогорулаткан.

Бул аэропорт 4D классына кирет. Ал CAT I деңгээлиндеги инструменталдык конуу жабдуулары, жарыктандыруусу жана түнкү учууларды камсыз кылуучу инфраструктурасы менен жабдылган. Учактарды күндүн кайсы убагында болбосун жана ар кандай аба ырайында кабыл ала алат[1].

Аэропорт бажы жана чек ара көзөмөл кызматтарын көрсөтөт. Ички жана эл аралык багыттагы каттамдарга кызмат кылат.

Remove ads

Авиакомпаниялар жана багыттар

Толук маалымат Авиакомпания, Багыты ...

Дагы караңыз

Булактар

Шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads