Экзема

өнөкөт, жугуштуу эмес тери оорусу From Wikipedia, the free encyclopedia

Экзема
Remove ads

Экзема — теринин жугушсуз, өнөкөт, аллергиялык сезгенүү оорусу.

Thumb
Экзема
Thumb
Экзема на руках

Себептери

Экземанын бир нече түрү белгилүү. Кадимки Экземанын пайда болушуна сырткы (химиялык жана физикалык) жана ички (эндокрин жана нерв системасынын, боор, ичеги-карындын ар түрдүү оорусу) факторлор себеп болот. Себореялык Экзема көбүнчө башка, чачтын түптөрүнө, маңдайга, кулак түпкө, жука чурайга, колтукка, киндиктин тегерегине чыгат. Балдардын Экземага чалдыгышынын себеби диатезге байланыштуу болот. Мындай Э. баланын башын, жаагын, маңдайын ооруга чалдыктырат. Жаактын териси кызарып шишийт. Ыйлаакчалар пайда болуп, суу чыга баштайт. Андан соң жарааттын суусу кургап, картка айланат. Кээде Экземанын пайда болушуна организмдин сезгичтигин жогорулатуучу ириңдүү инфекция себеп болот. Оору ириң пайда болуу менен башталып, барган сайын өөрчүп, жарага айланат. Көбүнчө микробдуу Экзема буттун терисине, манжалардын арасына, дененин жүн баскан жерлерине чыгат. Экзема - абдан таралган оору, статистикага ылайык, дүйнө жүзү боюнча калктын 10%, ал азап тартып, негизинен бейтаптар - аялдар 25-45 жашта.[1]

Remove ads

Дарылоо

Экземаны дарылоону оорунун түрүнө карата врач жүргүзөт. Экземанын алдын алууда терини сезгентүүчү кээ бир ички жана тышкы факторлорду өз убагында жок кылып туруу өзгөчө мааниге ээ. Оорулуу убагы менен эс алып, уктап, туура тамактануусу керек. Тамактанууда витаминдүү, жакшы сиңе турган тамак-аштарды кабыл алуу өтө зарыл. Күчтүү, өткүр жана көп туруп калган тамак-аштарды, ичимдиктерди пайдаланууга болбойт.

Remove ads

Алдын алуу

Экземанын кабылдоосун алдын алуу үчүн ооруга түрткү болгон нерв, эндокрин системаларынын, ичеги-карын ооруларын жана инфекция очогун жоюу зарыл. Оорулууга оору күчөгөндө дененин жабыркаган бөлүгүн сууга салууга, самын, кир кетиргич күкүмдөрдү пайдаланууга жарабайт. Жуунганда жамгырдын же кардын суусун жылытып пайдалануу барынан жагымдуу. Крандагы суунун таасирин жеңилдетүү максатында 1 стакан сууга 1 чай кашык соданын Д бөлүгүн кошуп, 18—20°ка чейин жылытып колдонгон жакшы. Экзема менен жабыркаган эмчектеги баланы педиатрдын көрсөтүүсү менен тамактандыруу талапка ылайык. Оорулуу баланы катуу таңып оробой бош кармап, таза абада көбүрөөк сейилдетип, кебезден токулган кийим кийгизүү керек. Ит уйгак, эмен кабыгын кошуп киринткен жакшы. Денесинде ириңдүү жара пайда болсо тезинен врачка көрсөтүү зарыл. Аллергиясы бар аялдар кош бойлуу кезинде цитрус мөмөлөрүн, шоколад, жумуртка жана башкалар жешке болбойт.

Жазуулар

Колдонулган адабият

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads