Эмульсиялар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Эмульсиялар — сууда эрибеген суюктуктардын (мисалы, майлар) эң майда бөлүкчөлөрү калкып жүргөн суюк. Дары формаларынын түрү. Табигый майлуу эмульсияга сүт кирет. Эмульсия суюк майды (касторка, бадам майы жана башка) сууга аралаштыруудан алынат. Майды эң майда бөлүкчөлөргө ажыратып, аралаштыруу үчүн эмульгаторлор колдонулат. Эмульсия ичкенге же сыйпоого, компресске жарайт. Алар туруксуз, 3—4 күнгө гана жасалат. Эмульсия салкын жерде сакталат жана ичерде чайкап аралаштыруу зарыл.


Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads