Этимология

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Этимология (etymología, etymon — чындык, lógos — сөз, окуу) —

  1. тил илиминин сөздүн келип чыгышын изилдеген бөлүмү;
  2. сөздүн келип чыгышын түшүндүрүүчү ыкмалардын жыйындысы;
  3. сөздүн келип чыгышы.

Этимология термини XIX кылымдагы тил илиминде "грамматика" маанисинде да колдонулган. Этимологиянын предмети катары — тилдик кордогу сөздөрдүн байыркы булактарынан азыркы күнгө чейинки өзгөрүшү, калыптанышы жана өнүгүшү эсептелет. Ар бир тилде формасы жагынан азыр түшүнүксүз болуп калган сөздөр бар. Алардын колдонулушу, келип чыгышы жана структуралык модели изилдөөгө муктаж.

Этимологиялык изилдөөнүн негизги маселелери:

  • Сөз качан пайда болгон?
  • Кайсы тилдин сөз жасоо моделдерине таянган?
  • Алгачкы мааниси эмнени билдирген?
  • Кандай өзгөрүүлөргө учураган?
  • Азыркы маанисине кандайча жеткен?

Бул суроолорго жооп берүү менен этимология илим катары калыптанат.

Remove ads

Мисалдар

Мисал 1: "Буудай" сөзү

Бул сөз көпчүлүк түрк тилдеринде бугдай формасында кездешет. Кыргыз тилинде буудай, өзбек тилинин айрым диалектилеринде бугдаг деп айтылат. Эң байыркы формага жакыны — бугдаг деп эсептелет.

Анализге ылайык:

  • буг/бугу — “буу” же “байла” маанисиндеги этиш;
  • -дак — зат атооч түзүүчү мүчө.

Салыштыр: куурдак, шырдак сөздөрү да тиешелүү этиштерге -дак мүчөсү аркылуу жасалган.

Бугдак/буудай деп аталышы — дандын сырткы кабык менен капталышына байланыштуу. Арпа же башка дан өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу буудайда бул өзгөчөлүк күчтүүрөөк байкалат.

Мисал 2: "Моюн" жана "Мууз" сөздөрү

  • Моюн — байыркы түрк жазмаларында бойун, буйун түрүндө кездешет. Ал бог (байла, буу) этишине -ун мүчөсүнүн кошулушу аркылуу түзүлгөн. Мааниси: "байланган, буулган жер", башкача айтканда, моюн.
  • Мууз — “муузда” этишинин түпкү формасы. Байыркыда богаз же богуз түрүндө колдонулган. Бул сөз да бог этишине байланыштуу, тилдик өнүгүүдө башындагы б тыбышы м болуп өзгөргөн.

Этимологиялык изилдөөнүн негизги кыйынчылыгы — сөздүн маанилеринин тарыхый байланышын жана алардын өнүгүү жолун так аныктоо. Бул семантикалык өзгөрүүлөр тилдин номинациялык принциптерине байланыштуу.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads