Үч-Кайнар яшма кени

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Үч-Кайнар яшма кени Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Ат-Башы кыштагынан 65 км чыгышта, Кайнар суусунун (ортоңку бөлүгүнүн) оң өйүзүндө, деңиз деңт. 3000 м бийиктикте. 1968–69-жылдары табылып, изилденген. Кен аймагында силур мезгилинде пайда болгон яшма жана яшма сымал оттук таш (кремний), кумдук, алевролит жана сланец тоотектери таралган. Мында таза яшманын 3 катмары бар. Алардын калыңдыгы 8–27 м, узундугу 50–1500 м. Яшма негизинен кварц менен хальцедондон туруп, гематтит, магнетит, көмүр жана чопо материалдары менен кошумчаланат. Таш жашыл, жашыл боз, чаңда саргыч түстө. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жалтырайт. Блоктордун өлчөмү 1020 смге жетет. Болжол ресурсу 102 миң м3. Таштан майда кооз буюмдарды жасоого болот.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads