1-апрель
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
1-апрель — Григорий календары боюнча жылда 91-чи күн (толук жылдарда 92–чи күн). Жылдын аягына чейин 274 күн бар.
Майрамдар
- Эл аралык күлкү күнү — (Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрү, Орусия, АКШ, Канада , Англия, Финляндия, Испания).
—Эл аралык канаттууларды коргоо күнү.
Иран — Ислам Республикасынын күнү (1979), Улуттук майрам.
Кипр — Кипрдин улуттук майрам күнү.
Мальта — Эркиндик күнү (1979).
Сан-Марино — Улуттук майрам.
ТАР — Үй-бүлө күнү.
Украина — Одесса, Юморина
Жапония — Мияко одори (весенний фестиваль танца).
Remove ads
Окуялар
Кыргызстанда
- 1984-жылы Кыргыз ССРи Өкмөтү жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо максатында процентсиз насыя берүү туурасында токтом кабыл алган.
- 2009-жылы Кыргызстанда тамеки продукцияларын жарнамалоого тыюу салынган.
- 2012-жылы МТВ каналы Кыргызстанда көрсөтүүсүн токтоткон.
Дүйнөдө
- 1875-жылы Англиядагы "Таймс" гезити жуманын аба ырайын басып чыккан алгачкы гезиттерден болуп саналып калган.
- 1889-жылы Идиш жуугуч машина сатыкка чыккан.
- 1923-жылы Орусияда "Огонёк" журналы биринчи жолу жарык көргөн.
- 1925-жылы Израилдеги ири илимий жана окуу борбору болгон Иерусалим шаарындагы еврей университети негизделген.
- 1946-жылы Алеут аралдарында күчү 8,6 баллдык зилзала болгон.
- 1966-жылы Сенегалда биринчи жолу африка искусствосун кенен жайылтуу максатында эл аралык фестиваль ачылган.
- 1976-жылы Америкалык Стив Жобс өнөктөшү Стив Возняк менен бирге "Apple Computer" компаниясын негиздеген.
- 1987-жылы Америкалык Стивен Ньюмен 4 жыл мурун баштаган жерди жөө айланып чыгуу саякатын аяктаган.
- 1997-жылы Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин өлкөнүн бардык аткаминерлери орусиялык гана унааларда жүрө турган жарлыкка кол койгон.
- 2007-жылы “QUEST PISTOLS” тобу алгач ирет сахнага чыккан.
- 2011-жылы Пастор Терри Жонс Куранды өрттөгөндүгүнө кыжырданган эл аны камоо талабы менен Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы БУУнун миссиясынын имаратына кирип барышкан
- 2014-жылы Юлия Тимошенконун Крымдын аймагына киришине тыюу салынган
Remove ads
Төрөлгөндөр
Кыргызстанда
- 1969-жылы Кикбоксчу Али Порсуков туулган.
- 1997-жылы Актёр Айбек Көкеев туулган.
Дүйнөдө
- 1809-жылы Орус жазуучусу Николай Васильевич Гоголь төрөлгөн.
- 1905-жылы Бельгиянын 3 жолку премьер-министри Гастон Эйскенс туулган.
- 1974-жылы Француз актёру, каскадёр, акростритер Сирил Раффаэлли туулган.
- 1976-жылы Голландиялык футболчу жана машыктыруучу Кларенс Зеедорф туулган.
- 1983-жылы Орусиялык ырчы жана театр актёру Сергей Лазарев төрөлгөн.
Каза болгондор
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads