10-июнь

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

10 июньГригорий календары боюнча жылдын 161-күнү (толук жылдарда 162-күн). Жылдын аягына чейин 204 күн бар.

Ыкчам фактылар

Юлий календары боюнча 28 майга туура келет[1].

Remove ads

Майрамдар

Окуялар

Ошондой эле караңыз: Категория: 10 июнь окуялары

Дүйнөдө

XVIII кылымга чейин

  • 1610 — биринчи голландиялык тургундардын Манхэттен аралына келиши (Түндүк Америка).

XVIII кылым

  • 1776 — Франциянын падышасы Людовик XVI жашыруун Пьеру Бомаршеге АКШдагы көз карансыздык үчүн күрөшчүлөргө миллион ливр берип жиберген.
  • 1793:
  • 1799Джон Браун жана англис гарнизонунан качкан 6 дезертир Ыйык Елена аралынан 6-метрлик калактуу кайык менен Атлантика океанына жол тартышкан. 28 күндөн кийин, 83 миля аралыкты басып өтүшүп, Бразилиянын жээктерине жетишкен.

XIX кылым

  • 1809Рим папасы Пий VII Наполеон Бонапартты христианчылыктан чыгарып салган.
  • 1847 — «Чикаго Трибьюн» гезитинин биринчи саны чыккан.
  • 1848Нью-Йорк менен Чикагонун ортосунда эң алгачкы телеграфтык линия ишке киргизилген.

XX век

  • 1909:
    • Биринчи жолу жардамга чакырган SOS сигналы колдолнулган.
    • Австралиянын борбору болгон Канберра шаары түптөлгөн.
  • 1926:
    • Бразилия Улуттар Лигасынан чыккан.
    • Испания дагы Улуттар Лигасынан чыккандыгы тууралуу билдирип, бирок кийин ал чечиминен баш тарткан.
  • 1936СССРде «Союздетмультфильм» киностудиясы негизделген.
  • 1940Италия Франция жана Улуу Британияга согуш жарыялаган.
  • 1941 — Германиянын кургактыктагы аскер башчысынын чечими менен «Барбаросса» операциясынын башталыш датасын — 22 июнь деп белгилеген.
  • 1943 — венгриялык Ласло Биро шарик калем сапты ойлоп тапкан.
  • 1945 — 1-чи жана 2-чи Белорусстук жана 1-чи Украиндик фронттордун негизинде Германияда советтик оккупациялык аскер тобу түзүлгөн.
  • 1946Италия Республикасы жарыяланган.
  • 1947 — Швециялык «Сааб» автомобиль чыгаруучу заводу өзүнүн биринчи унаасын чыгарган.
  • 1967Жакынкы Чыгышта бир жагынан Израиль, экинчи жактан Египет, Сирия, Иордания, Ирак жана Алжир ортосундагы 6 күндүк согуш аяктаган.
  • 1971 — АКШ Кытай менен соода эмбаргосун алып салган.
  • 1996 — «Интел» корпорациясы «Pentium II» процессорун чыгарган.

XXI кылым

  • 2003Канаверал тумшугунан бортунда Марста жүргүчүсү менен «Spirit» ракета-алып жүрүүчү учурулган.
  • 2008 — A310 учагы Хартум шаарына жакын жерде кыйрап, 30 адам каза болгон.
  • 2010 — Ан-225 транспорттук учагы менен абадагы жүк ташуунун тарыхында эң узун жүк ташылган — ар бири 42,1 м келген аба тегирменинин (аба генератору) эки калагы.

Кыргызстанда

1925 — Тарыхта «Отузчулардын арызы» деп белгилүү болгон Кыргызстандагы биринчи оппозициялык кайрылуу кабыл алынган. 1940 — Тянь-Шань облустук эмгекчил депутаттар кеңешинин кезектеги жыйыны өткөн. 2010 — Кечки саат 10до Ош шаарынын «Алай» мейманканасынын жанында жаштар тобунун арасында жаңжал чыгып, кандуу Июнь окуясы башталган. 2011Ош шаарында «Энелердин көз жашы» аттуу эстелик ачылган.

Remove ads

Төрөлгөндөр

Ошондой эле караңыз: Категория:10 июнда төрөлгөндөр

Дүйнөдө

  • 1908 — Роберт Каммингс (1990 к.б.), америкалык актёр.
  • 1910 — Хаулин Вулф (чыныгы аты Честер Артур Бёрнетт) (1976 к.б.), америкалык блюз ырчысы.
  • 1911 — Теренс Реттиген (1977 к.б.), англиялык жазуучу жана сценарист.
  • 1915 — Сол Беллоу (2005 к.б.), америкалык жазуучу, адабият боюнча 1976 жылкы Нобель сыйлыгынын ээси.
  • 1926 — Зоя Георгиевна Спирина (1986 к.б.), советтик актриса, СССРдин эл артисти (1981).
  • 1928 — Морис Сендак, америкалык балдар жазуучусу жана сүрөтчү-иллюстратор.
  • 1929 — Людмила Зыкина (2009 к.б.), ырчы, СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры.
  • 1956 — Роландас Паксас, литвалык саясий ишмер, Литванын мурдагы президенти (2003—2004 жж.).
  • 1965 — Элизабет Хёрли, англиялык актриса жана продюсер.
  • 1983МакSим (Марина Сергеевна Абросимова), орусиялык ырчы.

Кыргызстанда

  • 1950 — Исмаил Исаков, 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты.
  • 1951 — Эгемберди Эрматов, акын, драматург жана журналист.
  • 1987 — Алмазбек Мирзалиев, Футболчу.

Каза болгондор

Ошондой эле караңыз: Категория:10 июнда каза болгондор

Дүйнөдө

  • б.з.ч. 323Александр Македонский (б.з.ч. 356 жылы туулган), улуу грек аскер башчы.
  • 1967 — Спенсер Трейси (1900 жылы төрөлгөн), мыкты роль үчүн эки жолу катары менен «Оскар» сыйлыгына татыган алгачкы актер.
  • 1973 — Эрих фон Манштейн (1887 жылы төрөлгөн), немис генерал-фельдмаршал.
  • 2000 — Хафез Асад (1930 жылы төрөлгөн), Сириянын мурдагы президенти (1971—2000 жж.).

Кыргызстанда

  • 2005 — Жыргалбек Сурабалдиев, ЖКнын депутаты, ишкер.
  • 2008Чыңгыз Айтматов, улуу кыргыз жазуучусу.
Remove ads

Эскертүүлөр

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads