2019-жыл

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

2019 (эки миң он тогузунчу) жылтолук жыл, Григорий календары боюнча шейшемби күнү башталат. Бул биздин замандын 2019, 3-миң жылдыктын 19, XXI кылымдын 19-жылы.

Ыкчам фактылар Жылдар, Онжылдык ...
Ыкчам фактылар 1990-чу, 2000-чу ...


Орусияда театр жылы[1].

Remove ads

Окуялар

Январь

  • 1-январь
    • Кыргызстанда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
    • АКШ расмий түрдө эл аралык ЮНЕСКО уюмунан чыгып, ЮНЕСКОдо байкоочу мамлекет катары калуу чечими күчүнө кирген[2].
    • Бразилияда тик учак эл жашаган аймакка кулап түшүп 1 адам каза болгон[3].
    • Орскта (Оренбург облусу) турак жай күйүп кетип 7 адам каза болгон, анын ичинде балдар да бар.
    • Жаир Болсонару Бразилиянын президенти болуп ишин баштады.
  • 3-январь
    • Кытайдын "Чанъэ-4" станциясы Айдын Түштүк уюлуна ийгиликтүү конгон, бул тарыхтагы айдын арткы бетине жеткен алгачкы космостук аппарат болуп калды[4][5]
  • 4-январь
    • Ааламдык патриарх Варфоломей Украинанын Православие чиркөөсүнүн көз карансыздыгы тууралуу томоско кол койду.
  • 5-январь
  • 7-январь
    • Бишкекте эки жүздөй киши "Ала-Тоо" аянтына топтолуп, Кытай жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салууну талап кылган[6]
    • Жапония мамлекетинде "өлкөгө кирип чыккан ар бир адамдан 9 доллардан салык алуучу" мыйзам күчүнө кирди[7].
  • 12-январь
    • Франциянын Париж шаарында, нан саткан жайдан газ жарылып 50гө жакын адам жабыркап, 4 киши каза болгон[8].
  • 16-январь
  • 21-январь

Февраль

Remove ads

Күтүлүп жаткан окуялар

Спорт

Негизги макала: 2019-жыл спортто

Музыка

Негизги макала: 2019-жыл музыкада

Кино

Негизги макала: 2019-жыл кинодо

Телекөрсөтүү

Негизги макала: 2019-жыл телекөрсөтүүдө

Адабият

Негизги макала: 2019-жыл адабиятта

Компьютердик оюн

Негизги макала: 2019-жыл компьютердик оюндарда

Каза болгондор

Негизги макала: 2019-жылы каза болгондордун тизмеси

Январь

Негизги макала: 2019-жылы январда каза болгондор
  • 1-январьКрис Кельми, советтик жана орусиялык ырчы жана композитор.
  • 2-январьЭсенбүбү Нурманбетова, Кыргыз Эл артисти, опера ырчысы, педагог[9]..
  • 4-январьБорис Аверин, советтик жана орусиялык адабиятчы.
  • 4-январьИван Бортник, советтик жана орусиялык кино жана театра актёру. Орусиянын Эл артисти (2000).
  • 7-январьНиколай Лисовой, советтик жана орусиялык философ жана тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, изилдөөчү, жазуучу, публицист, телекөрсөтүү тасмалардун автору, коомдук ишмер.
  • 9-январьАнатолий Лукьянов, советтик саясий жана мамлекеттик ишмер, орусиялык саясатчы.
  • 16-январьЖон Богл, америкалык таанымал ишмер жана инвестор, дүйнө жүзүндө ири инвестициялык The Vanguard Group компаниясынын түзүүчүсү.

Февраль

Март

Апрель

Май

Июнь

Июль

Август

Сентябрь

Октябрь

Ноябрь

Декабрь

Дагы караңыз

Эскертмелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads