Ubuntu

Деңиздеги Linux иштөө тутуму From Wikipedia, the free encyclopedia

Ubuntu
Remove ads

Ubuntu ([ʊbʊntuː]; зулу тилинен алынган, "адамзат" деген мааниге келет; "Убунту") — Debian GNU / Linux-ка негизделген операциялык система. Негизги иштеп чыгуучусу жана демөөрчүсү Canonical компаниясы болуп саналат. Долбоор азыр эркин коомчулук тарабынан колдоого алынып, өнүктүрүлүп жатат.

Ыкчам фактылар Иштеп чыгуучу, ОС бүлөсү ...
Remove ads

Жалпы маалыматтар

Canonical-дын белгилешинче, Ubuntu'ну болжол менен 20 миллион киши колдонот. Ubuntu веб-серверлер үчүн Linux'тун дистрибутивдеринин эң популярдууларынын арасында 1-орунда турат. DistroWatch.com сайтына баш баккан колдонуучуларынын саны боюнча (2016-жылдын апрель айында) 3-орунда турат.

Адатта дистрибутивдин жаңы версиялары жарым жыл сайын чыгып, 9 ай бою коопсуздук жаңылануулары менен колдоого алынып турат (13.04 версиясынан тарта, буга чейин колдоо бир жарым жыл созула турган).

Эки жылда бир чыккан LTS версиялары мейли сервердик мейли десктоп варианттары болсун 5 жыл колдоого алынат. (12,04 LTS версиясына чейин десктоп LTS версияларды колдооо мөөнөтү 3 жыл боло турган) Ubuntu бүлөсүнүн башка LTS дистрибутивдерин толук колдоо 3 жылды, системанын негизин (ядро, Xorg жана башка компоненттерин) колдоо болсо, 5 жылды түзөт.

Ubuntu сервер жана иш станциялары үчүн делген программалык камсыздоо жыйнагы менен жеткирилет. Ал жеке үстөл компүтерлерине LiveCD (Desktop версиясы), LiveUSB же тексттик орноткучтун (Alternate версиясы Ubuntu 12.04.2 версиясына чейин жараган) жардамы менен орнотулат. Графикалык гана эмес, тексттик режимде да орнотуу, системаны кайра калыбына келтирүү режиминде жүктөө, толук чектөө мүмкүнчүлүктөрү жана дисктеги көп сандаган пакетин эске алганда LiveDVD версиясынын бир топ артыкчылыктары бар. i386, AMD64, ARM сыяктуу расмий колдоого алынган архитектуралар үчүн версиялар бар. Мындан тышкары, 2013-жылдан баштап, ARM жана x86 архитектураларындагы смартфондор үчүн атайын Ubuntu версиясын иштеп чыгуу башталган.

Remove ads

Өзгөчөлүктөрү

Ubuntu ыңгайлуу жана жөнөкөй колдонулган система болууга багытталган. Анда sudo утилитасы кеңири колдонулат. Бул утилита колдонуучуга потенциалдык кооптуу суперколдонуучу сессиясын ишке киргизбестен администратордук иштерди аткарууга мүмкүндүк берет.

Релиздери

Толук маалымат версиясы, код аты ...

Шилтемелер

Сырткы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads