«Жүз жигит» күүсүнүн баяны

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Илгери кыргыздын карт тарыхынын бир бүктөмүндө калган жоокерчилик замандын биринде журттун туусун жаткырбаган, кара калмакты чекке киргизбей элин жоодон сактаган, эр көкүрөк, кайраттуу, балбан бидек намыстуу жоокерлери менен даңазасы кыйла жерге кеткен Көкүм деген чоң айыл болгон. Айыл башчысы Алыш баатыр кыргыз калмактын чегинде туруп, эки элдин мамилесин түздөп: кези келген жерде калмак элине үстөмдүк кылып турат. Жылдан жыл алмашып, Алыш улгаят, ал-күчтөн таят. Баласыз өтүп баратканына арман кылып, өлсөм элиме менден эстелик болсун, жоо келатканда алыстан байкоочу кароол жайгашсын деп, айылга кирүүчү жолдогу бийик капчыгайдын эки тарабындагы тектирчелерди тегиздетип атайын кароол секи даярдатат.

Ал жерге добулбас коюп, сак жигиттерден сакчы уюштурат. Мезгили жетип Алыш баатырдын көзү өтөт. Эми эл ичиндеги мыктылар өз ара жаатташып, журттан ырк-ынтымак кетет. Мындайды көз кырынан кетирбей байкап турган душман, айылга бир түндө капысынан басып кирип, кыргын салат. Калмактын төрөсү өз жоокерлерине «Туткунга эч кимди албагыла, колуңардан келишинче кыргызга кыргын салгыла, бирок, эмгектеп жүргөндөн тартып, төрт жашка чейинки эркек балдарды олжолоп тирүүлөй алып келип, мага тапшырасыңар» — деп катуу буйрук берет. Бардыгы жоонун ойлогонундай чыгат. Бир кезде гүлдөгөн айылдын ордуна додолонгон күл калат, күңгүрөнгөн капчыгай, күпүлдөп аккан суу калат. ...Мезгил зымырылып, чабылган элдин көкүрөктөгү жарасын дарылап, жашоо улана берет. Бирок, жоо кылычынан майтарылып калып, балдарынан тирүүлөй айрылган энелердин күйүтү, арманы ичте бара-бара комуз күүсүнө жана эл оозунда дастанга айланат. Калмактын төрөсү болсо баягы олжолоп, алып кеткен балдарды өзгө көзгө көргөзбөй, өзүнчө бактырып, катаал-татаал шартта күнү-түнү жоокерчилик өнөргө үйрөтө берет. Балдар «эне-ата» деген эмне экенин билбей, көргөн-бакканы жоо чаап, алсызды баш ийдирүү, күчсүзгө ыза көрсөтүү болуп, жалаң кылыч шилтеп, найза сайганды гана үйрөнүшөт. Калмактын төрөсү сынамакка баягы жигиттердин ичинен 100дү тандап алып казак, уйгур, кытай айылдарына жортуулга жиберип, өзү да, кол башчылары да алар менен кошо жүрүп, жигиттердин өз каршылаштарын заматтын ортосунда өрттөй каптап, жылан сыйпагандай жер менен жексен кылгандыгын көрүп, эми күч көрсөтүп башканы баш ийдирүү максатын көздөгөн тилегинин анык орундаларына көзү жетет. Өзүнө жакын адамдары менен жашыруун кеңеш куруп: — «Ортодон жыйырма жыл өттү, кыргыздар кайрадан жетилип келатат, эми аларга өзүлөрүнүн тукуму, шилтесе кызыл өрт болгон жүз жигит менен кыргын салууга убакыт келди» — дейт. Төрөнүн тегерегиндегилер анын мындай акылдуу чечимине эми гана түшүнуп, туш-туштан кубатташат. Ошентип, кыргызга кайрадан кыргын тушөөр мезгил жакындап, калмак менен кыргыз ортосундагы абал курчуйт. Кыргыз тарап да бейдарек жата бербей, кандуу кармашка даярданат. Ошентсе да калкандуу өрттөй каптаган жүз жигити жөнүндөгү көп сөздөр кыргыз кол башчыларынын жүрөгүнө тикенектей сайылып, түйшүккө салат. Кыргыздар жыйын курушуп, жоодон коргонуунун айла-амалын талкуулашат. Нары кетип, бери кетип бир чечимге келе алышпай, бел майышып турган чакта, эртеден бери бир ооз үн катпай, ой басып олтурган бир кездеги Алыш баатырдын кеңешчиси Кулбото карыя мындай дейт: — Эртеден бера кеп-сөзүнөрдү угуп олтуруп, мага бир ой келди.Туура көрсөңөр, мен айтайын, силер уккула. Жүз жигит деп атасыңар булардын өрт каптагандай кубат-күчүндө бир мандем бар. Менин оюмча, булардын жүзү жүз үйдөн чогулган эмелер эмес, булар бир жерден өсүп жетилишкен уялаштар, эне, ата жөнүндө түшүнүктөрү жок, кайдан, качан жаралганын билишпеген, жаалы кайнаган жетимдер. Эгер, ушул менин оюм туура болсо, алар мындан жыйырма жыл илгери чабышта олжого кеткен кыргыздын уулдары, биздин балдарыбыз... Жыйын дуулдап, бир даары Кулбото карыяны колдоп чыгышканы менен көпчүлук эл бул айтылган кептин өзөгүгө анчалык ишене албай турушту. Кулбото карыя, бир азга эл тынчыгандан кийин кебин улады. — Демек, өзүбүздүн тукумубузга өзүбүздү чабтыралы, болбосо өзүлөрүнүн балдарын өзүлөрүнө кырдыралы — деп тилек койгон душманды, жалаң гана найза, кылыч эмес, айла-амал менен болсо да жеңүү керек. Анда оюңарды айткыла,— деп элге кайрылат, Бир эт бышым элдин сунуш-пикирлерин угуп олтуруп, акырында мындай бүтүм чыгарат. — Жоо келсе бир гана капчыгайдын ичи менен селдей каптайт.Алыш баатырдын тектирчесине чейин эки тосот коёлу, биринчиси жоокерлер болсун, кармашып көрүшсүн, экинчисине балдары олжого кеткен энелерди коёлу, өз балдары таанышпаса да, боор тартылып, сезимдер ойгоноор. Андан бери капчыгайдын эки тарабындагы Алыштын тектирчелерине жоо көрбөгөндөй кылып сурнайчы, чоорчу, комузчуларды жайгаштыралы. Жоо мына ошол үч тосотту бузуп өтсө, калмактын жүз жигити биздин тукум эмес, айла жок, жалпы эли-журтубуз кармашка түшүп, согушуп жатып өлөрбүз»... Ошентип, Кулбото карыянын сөзү менен жоого тосоттор коюлуп, кылым карыткан кыргыздардын башында кандуу согуштун дагы бир ала көлөнөсү айланып турду. Жоо чын эле өрт каптагандай байкоосуз басып кирди. Капчыгай өрдөй чабуулга чыккан жоонун селин алгач жоокерлер тосту. Кыргыз тукуму кыргызга кылыч шилтеди, найзалашууга өттү. Капчыгай ичи кан жыттанды, кылычтын ырайымсыз мизинен от жанды. Шукшурулган бүркүттөй жүз жигит баштаган калмактын аскери жыгачка чабылган курч балтанын мизиндей кыргыздын биринчи коргонуусун бузуп өттү. Мындайда чырылдаган энелердин үнүн ким укмак, кан жытына делөөрүгөн жоо тарап жеңишине эргий алга умтула берди. Эми аларга эч тоскоолдук болгон жок. Тапыраган ат туягынын, каңгыр-шаңгыр курал-жарактын үнү капчыгай ичин жаңыртып ажал оту кыргыз жерине бүркүлдү. Ангыча, каяктандыр сыбызгыган чоор үнүн улап, комуздун боздогон коңур үнү көк теңирдин тереңинен куюлуп, теребелди жаңыртты. Шаң менен келаткан жоо үчүн бул күтүүсүз болду. Алдыда алгыр куштай серпилип, урушарга жоо таппай келаткан жүз жигит тегерете серп ташташып, бул жүрөккө кылычтын мизи, найзанын учунан да катуу кадалган сыйкырдуу үн кайдан чыгып жаткандыгын биле алышпай, тизгин жыя башташты. Комуздун доошу эми ого бетер даана угулду. Анын ар бир кайрыгы сезимди көзөп, бирде алдыдан, бирде арттан, бирде оңдон, бирде солдон, бирде көк теңирдин тереңинен төгүлгөндөй туюлуп, жүрөктү титиретип, эки тарабы жалама бийик аскаларга жаңырып, комуз үнү эми ого бетер күчөгөндөн күчөдү. Миң кубулуп, жүрөктү эзип, дирилдеген комуз кылдары жүз жигиттин таштай түйүлгөн муштумдарын жазып, суурулган кылычтарын кынына салдырып, сунулган найзасынын учун көктү каратты. Селдей каптап бараткан жоонун жүрүшү жайлады, жүз жигит көк теңирге жүз бурушуп, ат үстүндө кереметтүү комуз күүсүнүн кайрыгына эми чындап берилишип, имерилип тура калышты. Күү төгүлө берди. Жигиттердин көздөрүнө жаш толуп, өзүлөрү да түшүнбөгөн кусалык, сагыныч сезимдерин ойготуп, өзөктөрүнө өрт коюп, туулган жерлерине боор тарттырды. Мындай шумдуктуу көрүнүш калмактын төрөсүнө жакпады, өз колбашчыларынын бирин жиберип, жүз жигиттин бирине камчы шилтетти. Камчы жеген жигит демейдегидей баш ийип калбастан, калмактын кол башчысын кылыч менен шылый чапты. Комуз күүсү уланып, жүрөктү эзип сыздай берди. Калмактар эми жүз жигитти көздөй ат коюшту. Жүз жигит бир кишидей тайманбастан аларга бетме-бет чыгышты. Комуз күүсүнүн ыргагы күчөп эми шаңдуу, жандуу угулду. Кайрыктарында жүз жигиттин бул эрдигин баяндап, «Сен кыргызсың, сенин элиң кыргыз, жериң Алатоо, аны дилиң менен түшүнүп, жүрөгүң менен сезгин» — деген купуя улуу кеп баяндалып жаткандай туюлду. Эми жалпы журт жүз жигитке кошулуп, «Кыргыздан» ураан чакырып, калмакка каршы аттанышты. Комуз күүсү эми, теребелди шаңга бөлөп, жеңиштин салтанатын кубаттап Алатоо ичин жаңыртты. Эл-журту өзөгүнөн өзгөгө кеткен жүз жигитти чоң салтанат менен тосуп алышты. Жүз жигит кыргызга чеп болуп, өмүр уланды. Ошентип, жүз жигиттин тагдырын баяндаган күү жаралды


Remove ads

Булак: Серия:«Окуучунун китеп текчесине»

АЛА-ТОО УЛАМЫШТАРЫ Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул

Интертентеги шилтемелер

http://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%BE%D0%BC%D1%83%D0%B7

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads