Дүйшөнбек Байдөбөтов

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Дүйшөнбек Окошович Байдөбөтовтеатр жана кино артисти.

Ыкчам фактылар Туулган жылы:, Туулган жери: ...
Remove ads

Өмүр баяны

Байдөбөтов, Дүйшөнбектин атасы Окош молдо адам болгон.
Дүйшөнбектин балалыгы өз айылында өтсө дагы, орто мектепти Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) аяктаган.
Фрунзеде мектепте окуп жүргөн чагында эле Дүйшөнбек артист болууну эңсеп, Кыргызстан Театрлар Коомунун алдыгдагы Кыргыз ССРинин эл артисти Абдыашым Көбөгөнов жетектеген драмылык студияга активдүү катышкан.
Мектепти аяктагандан кийин 1966-жылы артист болом деп тоолуу Алай элдик театрына иштөөгө кетет.
Бирок, бир жылдан кийин эле Дүйшөнбек өзүнө окшогон курбалдаш кыргыз-улан кыздары менен Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна (ГИТИС) окууга өтөт.
ГИТИСти 1972-жылы акятап келип, курбулары менен Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн чечими боюнча Ош шаарында жаңыдан уюушулган Кыргыз драма театрына артист болуп кабыл алынат.
Бул театрда он жети жыл эмгектенгенден кийин Д. Байдөбөтов Кыргызстандын ал кездеги борбор шаары Фрунзеге которулуп келип, Кыргыз мамлекеттик жаштар театрына (ТЮЗ) кызматка алынат.
1991-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кирет.
мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окууу жайына келип кирет.
Ошондон ушул кезге чейин Дүйшөнбек ушул театрыда ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.

Remove ads

Чыгармачылыгы

Дүйшөнбек Байдөбөтов трагедияны да, комедияны да катыра ойногон, чыгармачылык кудурети кеңири, инсандык масштабы бийик актер.
Ал жараткан образдар кыргыз журтчулугун гана эмес борбордук театр адистерин да суктанткан учурлар болгон. Маселен, 1983-жылы Ош кыргыз драма театры Жаштардын чыгармачылыгынын Бүткүл союздук театр фестивалына Ч.Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде коюлган спектакль менен катышканда (режиссеру И.Рыскулов), Д.Байдөбөтов Органдын ролун ойноп барган. Ошондо СССРдин арн кайсы жагынан келген театр адистери бир ооздон анын Органын "образец перевоплощения" деп суктана мүнөздөшкөн.

Remove ads

Театрдагы негизги ролдору

Кинодогу ролдору

Илияс (“Я – Тянь-Шань”)
Базарбай (“Акбаранын көз жашы” )
Токтогул (“Токтогул”)

Наамдары жана сыйлыктары

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1977).
Кыргызстандын эл артисти (1987).

Колдонулган адабияттар

  • Ж.Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987.
  • Манас энциклопедия, 1-том, Бишкек, 1995-ж.
  • Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1995-ж.

Интернет шилтемелер






Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads