Map Graph
No coordinates found

Эрши

байыркы Дабан (Давань, Даюань) мамлекетинин борбору

Эрши - байыркы Дабан мамлекетинин борбору. Эрши тууралуу алгачкы маалыматтар Сыма Цяндын эмгегинде кезигет. Анда Даванда аргымак аттар көп экени, борбору Эршиде кудук жок болгондуктан, эли сууну жакын жердеги өзөндөн аларын, аттар чет элдиктерге эч көрсөтүлбөй, алар үчүн атайын беде өстүрүлгөнү айтылат. Аларды алып келүү үчүн атайын элчилик жөнөтүлгөн, бирок Даван мамлекетинин башчысы Угуа андан баш тарткан. Натыйжада хань императору У-ди өз аскер башчысы Ли Гуан-лини Эрши шаарынын башкы бийи (цзянцзюнь) деп жарыялап, шаарды басып алып, даван аргымактарын алып келүү үчүн аттандырган. Ли Гуан-линин алгачкы жортуулу натыйжасыз аяктап, 2-жүрүшүндө көптөгөн кыйынчылыктарга учурап, калган-каткан 30 миң аскери м-н Даванга жеткен. 40-күндүк курчоодон кийин суусуз калган Эрши шаары багынып берген жана борбору кийинчерээк башка жерге көчүрүлгөн. А. Н. Бернштам, Ю. А. Заднепровский, Н. Г. Горбунова ж. б. байыркы Эрши шаарын азыркы Араван суусунун боюндагы Мархамат (Миң-Дөбө) шаар калдыгы деп эсептешсе, Л. А. Боровкова аны Кокон шаарыныннын чет жакасына жайгаштырат, ал эми өзбек синологу А. Ходжаевдин пикиринде ал байыркы Ош шаары болгон.

Read article