Манас эпосу
Эпос / From Wikipedia, the free encyclopedia
Манас — кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу
"Манас" эпосу дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет — 555 ыр сабынан турат.
Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралып саналат:
"Манас" — 84 830 сап; "Семетей" — 397 775 сап; "Сейтек" — 17 948[1].
"Манас" эпосунун өзүн гана алганда, эң чоң көлөмдөр бул манасчыларга таандык:
- С. Орозбак уулу (Орозбаков) - 180 378 сап[2];
- С. Каралаевден — 84 830 сап [3] ;
- М. Чокморов — 103 090;[4]
- Жусуп Мамайдан - 53 280 сап.[5]
"Манас" эпосу — кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгарма эмес. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпостун баш каарманы — Манас баатыр — "тарыхый киши болгонбу, болсо ал качан жашап өткөн, кандай иштерди кылган" - сыяктуу суроолорго азырынча бир жактуу, так жооптор бериле элек.
Мындай суроолорго толук жооп берүү үчүн эпостогу тарыхый окуяларды, мифологиялык түшүнүктөрдү, эпостун тилин, диний ишенимдери, эпостун айтымдарынын арасындагы айырмачылыктарды, каармандардын сүрөттөлүшүн, сюжетин изилдеп аларды тарыхый окуялар, каармандар, булактар менен байланышытырып изилдеп чыгуу керек жана келечекте көптөгөн изилдөөлөрдү талап кылат.