From Wikipedia, the free encyclopedia
Аскалуу тоолор (Rocky Mountains) - Түндүк Америка Кордильерасынын системасына кирет. АКШ менен Канаданын батышында, 60 жана 32° түндүк кеңдиктеринин аралыктарында жайгашкан. Узундугу 3200 кмге жакын, туурасы 700 км. Тынч жана Атлантика океандарынын суу бөлгүчү. Аскалуу тоолордон Миссури, Колорадо, Рио-Гранде, Снейк, Арканзас жана башка дарыялар башталат. Түндүк Аскалуу тоолор негизинен гранит тектеринен түзүлүп, бийиктиги 3954 мге (Робсон чокусу) чейин жетет. Түштүк же АКШ Аскалуу тоолору кыска кырка тоолордон туруп, кумдук, чополуу сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн; эң бийик жери 4399 м (Элберт чокусу). Кырка тоолору кеңири бассейндер - «парктар» менен бөлүнгөн. Кең байлыктары: молибден, жез, алтын, күмүш, полиметалл, нефть, таш көмүр. Жанар тоо процесстери (гейзерлер, ысык булактар), жер титирөөлөр болуп турат. Өсүмдүктөрүнөн токой басымдуу; түндүгүнө тоо тайгасы, түштүгүнө мырза карагайлуу токой мүнөздүү. Токойдун жогорку чеги түндүгүндө 1500 мден түштүгүндө 3600 мге чейин; андан жогору альп шалбаасы жана кар жатат. Өрөөндөрүнө талаа жана жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Ири улуттук парктары: Жаспер, Банф, Йохо (Канада), Йеллоустон, Роки Маунтин (АКШда). Аскалуу тоолор аркылуу 8 темир жол жана автомобиль жолдору өтөт.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.