From Wikipedia, the free encyclopedia
Атапаскалар, атабаскалар (өздөрүн дене, дине деп аташат) - Канада ж-а АКШдагы индей элдеринин тобу. Саны АКШда 422 миң (Аляскада 19 миң, Калифорния ж-а Орегондо 8 миң, апачи ж-а навахолор 395 миң адам), а. и. атапаскалар 346 миң адам; Канадада 24 миңден 45 миңге чейин (2004). Дини христиан (протестанттар, католиктер). Атапаскалар Түндүк Чыгыш Азиядан Америкага (б. з. ч. 5-4 миң жылдык) көчүп келгендердин тукумдары. Отурукташуу процессинде Түндүк атапаскалар, Тынч Океандык атапаскалар, Түштүк атапаскалары болуп, 3 топко бөлүнгөн. Түндүк атапаскага: Чыгыш атапаскалары (чипевайан, тацанотиндер же йеллоунайф, слэивдер, догриб, каучадиндер же хэйр, дэнеза же бивер), атапаска Кордильер (секандары, талтандар, цецаут, кучиндер, карриер, тутчондор, чилкотиндер ж. б.), аляскилик атапаскалар (кенайлар же танаймалар, танана, атна, коюкон, ингаликтер, колчан) кирген. Түндүк атапаскалардын салттуу маданияты субарктикалык индейлер үчүн типтүү болгон. Түндүк атапаскалар башка индейлерден резервацияларга көчүрүлбөстөн, байыртадан мекендеген аймактарда жашагандыгы м-н айырмаланган. Тынч океандык атапаскаларга: колумбиялык атапаска (квамеоква ж-а клацканайлар), калифорниялык атапаскага (хупа, чилула, вилкут, маттол, бэр-ривер, вайлактар, лассик, като ж. б.), орегондук атапаскалар (жогорку умыква, коквилл, частакоста, тутутналар, галис, апылгейт ж. б., о. эле Калифорниянын түндүгүндө жашаган толовалар) таандык. Орегондук атапаскалардын көпчүлүгү 1850-ж. Силен ж-а Гранд-Ронд резервацияларына көчүрүлгөн. Тынч Океандык б. з. 1-чи миң жылдыгынын ортосунда Түндүк Калифорнияга ж-а Түштүк Орегонго, Түштүк атапаскалар (апачилер ж-а навахолор) 1415-кылымда Субарктикадан АКШнын түш.-батышына миграцияланган. Атапаскаларлар негизинен аңчылык, жер-жемиш жыйноочулук м-н кесиптенишип, үстү тери м-н жабылган, конус тибиндеги жер үйлөрдө жашашкан. Атапаскалардын кийимдеринен шымдары бут кийим м-н бириктирилип тигилгендиги м-н өзгөчөлөнгөн. Атапаскаларда 20-к-га чейин энелик уруунун белгилери сакталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.