From Wikipedia, the free encyclopedia
Вроцлав (орусча Бреславль, немецче. Бреслау) – Польшанын түштүк-батышындагы шаар. Одра дарыясындагы порт. Вроцлав воеводдугунун (административдик-аймактык бирдик) борбору. Калкы 633,3 миң (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар. Машина куруу, химиялык, жеңил, жыгаччылык, тамак-аш өнөр-жайы; университет, бир нече илимий изилдөө институттары, китепкана, Польша Илимдер Академиясынын басмасы, опера театры, Силезия, археологияк музейлери бар. 10-кылымдан баштап эскерилет. Силезиянын башкы шаары, бир топ кылым (1945-ж. чейин) немецтер үстөмдүк кылган. 13-16-кылымдагы ратуша, 13-18-кылымдагы костёлдор менен үйлөр, «Кылым залы» (Эл үйү; 1911-13), Бириккен жерлердин көргөзмө комплекси (1948-жылдан) бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.