![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e4/Guinea_%2528orthographic_projection%2529.svg/langky-640px-Guinea_%2528orthographic_projection%2529.svg.png&w=640&q=50)
Гвинея
From Wikipedia, the free encyclopedia
Гвинея, Гвинея Республикасы – Батыш Африкадагы мамлекет. Түштүгү менен түштүкбатышынан Либерия жана Сьерра-Леоне, чыгышынан Кот-д’Ивуар, түндүк-батышынан Гвинея-Бисау, түндүгүнөн Сенегал, түндүк жана түндүк-чыгышынан Мали менен чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 245,9 миң км2. Калкы 8,1 млн (2006, башка маалыматтар боюнча 9,5 млн). Борбору Конакри шаары Мамлекеттик тили француз тили. Акча бирдиги гвинея франкы. Административдик жактан 33 префектурага жана 1 өзгөчө зонага (Конакри) бөлүнөт (к. таблицаны). Гвинея БУУнун (1958), Африка союзунун (1963), Эл-аралык валюта фондунун (1963), Эл-аралык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын (1963), Эл-аралык соода уюмунун (1995) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006).
«Гвинея-Бисау» менен адаштырбаңыз.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e4/Guinea_%28orthographic_projection%29.svg/320px-Guinea_%28orthographic_projection%29.svg.png)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/ed/Flag_of_Guinea.svg/640px-Flag_of_Guinea.svg.png)