Гимнастика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Гимнастика (байыркы грек. gymnós — жылаңачталган) — адамдын ар тараптан өсүшүн жана ден соолугунун чыңдалышын камсыз кылуучу дене тарбия көнүгүүлөрүнүн атайын тандалган системасы. Гимнастика менен үзгүлтүксүз машыгуу жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын ишин жакшыртат, таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, зат алмашуу процессин ылдамдатат. Гимнастика адамдын денесинин гармониялык өсүшүн камсыз кылат, келбетти, булчуң системасын бекемдейт, муун-кыймыл координациясын жакшыртат. Гимнастика менен ар кандай куракта жана ден соолугунун абалы ар түрдүү адамдар машыгууга болот. Гимнастика дене тарбия системасында кеңири колдонулат жана физкультуралык комплекске кирет.
Гимнастикалык машыгууну врач менен кеңешүүдөн кийин баштоо керек. Машыгуу мезгилинде жылына эки жолу врачтык текшерүүдөн өтүп туруу, айрыкча балдар менен улгайып калган кишилерге талап кылынат.
Гимнастика денени жалпы өөрчүтүүчү, спорттук жана колдонмо болуп үч түргө бөлүнөт. Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастикага негизги, гигиеналык, атлетикалык (булчуң) гимнастикалар, спорттук гимнастикага — спорттук гимнастика, акробатика, көркөм гимнастика, секирүү; ал эми колдонмо гимнастикага өндүрүштүк, адистик-колдонмо, спорттук-колдонмо, аскердик-колдонмо жана айыктыруу гимнастикалары кирет.
Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастиканын түрлөрү. Негизги гимнастика бардык жаштагы кишилердин ден соолугун чыңдоо, массалык тарбиялоонун маанилүү каражаты. Ага жүгүрүү, секирүү, сойлоо, чоюлуу, бир нерсени ыргытуу жана башка кыймылдар, ошондой эле кээ бир гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр кирет. Гимнастика жаш балдарды туура тарбиялоонун эң маанилүү факторлорунун бири. Ал баланын дене түзүлүшүн, кулк-мүнөзүн жакшы калыптандырууга жардам берет. Балдардын гимнастика менен үзгүлтүксүз машыгуусу алардын кыймыл-аракетин, дене келбетин жакшыртат, ошондой эле балдарды чечкиндүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялайт. Борбордук нерв системасы, жүрөк-кан тамыр, дем алуу, булчуң системаларын өнүктүрүп, зат алмашуу процессин жакшыртат.
Наристелер жана мектеп жашына жете элек балдар үчүн арналган гимнастиканын комплекси негизинен ийин курчоосунун, көкүрөк, арка, курсак, бут жана кол булчуңдарын өөрчүтүүчү кыймылдардан турат. Көнүгүүлөр комплексине басуу, жүгүрүү, секирүү, бир нерселерге чыгып, кайрадан түшүү, топту ыргытуу жана тосуп алуу, тең салмактуулукту сактоо сыяктуу кыймыл-аракеттер кирет (1 —2-сүрөт). Эгерде бала мурда гимнастика менен машыкпаган болсо, алгачкы мезгилде бир нече, ал эми 7—8 күн өткөндөн кийин көнүгүүлөр комплекси толук аткарылат. Көнүгүүлөрдү көңүлдүү оюн түрүндө же болбосо жаныбарлардын кыймыл-аракетин туурап аткаруу пайдалуу жана кызыктуу келет. Бала эки жашка толгондон баштап эртең мененки гигиеналык гимнастиканы жасоону үйрөтүү зарыл. Балдар көнүгүүлөрдү жеңил, кыймыларакетке тоскоол болбогондой кенен, кийим кийип жасоого тийиш.