Илим
From Wikipedia, the free encyclopedia
Илим – деген тема болуп саналат табигый дүйнө жөнүндө билүү үчүн эмне кылат. Табигый илимдерге физика, химия, геометрия, биология, геология жана астрономия кирет. Илим математика менен логиканы колдонот, аларды кээде "расмий илим" деп да коюшат. курчап турган дүйнөдөгү мыйзамченемдүүлүктөрдүн коомдук аң-сезимде чагылдырылышы.
Илим коомдук тажрыйбалардагы талаптардан жана муктаждыктан пайда болуп, коомдук турмуштун материалдык прогресси менен бирге өз кезегинде коомдун өсүп-өнүгүшүнө көмөк берет.
Өнүгүүнүн ички мыйзамдарынын таасиринде Илим көп учурда коомдун талабынан озуп кетет. Бирок, ил. проблемаларды терең жана ар тараптан иштеп чыгуу ал жетишкендиктерди да колдонуу коомдо ага керектүү зарыл өбөлгөлөр жана шарттар түзүлгөндө гана мүмкүн болот.
Объективдүү чындык, материя кыймылынын бардык формалары, о. эле алардын коомдук аң-сезимде чагылуу формалары Илим предмети болуп эсептелет.
Илим билимдердин өзгөчөлүгү боюнча илимдер үч топко бөлүнөт:
- 1) табигый,
- 2) коомдук,
- 3) философиялык.
Табигый илимдер табияты, коомдук илимдер – коомду, филос. илимдер адамдын таанып-билүү иш-аракетин жана табияттын, коомдун жана ой жүгүртүүнүн бир кыйла жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдейт.
Илим мазмуну эмпирикалык материалдан (байкоодон, тажрыйбадан жана эксперименттен алынган фактылар) жана абстракттуу ой жүгүртүүдөн (гипотеза, жалпылоо, концепция, теория, закондор) турат.
Илим материалды изилдөөгө карата жалпы мамиле жана аны теориялык жактан талдап изилдөөнүн методологиясын түзөт.
Илим изилдөө конкреттүү, эмпирикалык материалды окуп үйрөнүүдөн аны жалпылоого, андан ары текшерүүгө, ачылган ил. чындыкты, теорияларды, закондорду практикада текшерип көрүүгө багытталат. Практика чындыктын критерийи болуп саналат. Эмпирикалык материалды, практиканы этибарга албоо жана абстракттуу ой жүгүртүүнү ашыра баалоо идеализмге алып келет. Ал эми абстракттуу ой жүгүртүүгө маани берилбесе, билим үстүртөн болуп, изилдөөчү И-деги кубулуштардын жана законченемдүүлүктөрдүн ички маңызын ачып бере албайт.
Илимдин максаты – жаратылыш менен коомдун обьективдүү закондорун таанып билүү, коомдук өндүрүштүн жана коомдук аң-сезимдин практикалык талаптарын канааттандыруу. Ушуга байланыштуу шарттуу түрдө илимди теориялык жана прикладдык деп бөлүшөт. Теориялык илимдер объективдүү дүйнөнүн законченемдүүлүктөрүн изилдейт (механика, физика, химия, биология ж. б.). Прикладдык илимдер түздөн-түз практиканын талаптарын тейлейт (машина куруу, хим. технология, жер иштетүү, медицина, экономика ж. б.).