From Wikipedia, the free encyclopedia
Кавказдын Кара Деңиздик жээги – Анападан Грузиянын Түркия менен чек арасына чейинки Кара деңиздин чыгыш жээги. Узундугу 800 км. Түндүгүнө Чоң Кавказдын кырка тоолору, түштүгүнө Колхида ойдуңу жана Кичи Кавказдын тоолору кирип турат. Түндүк бөлүгүнө жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат мүнөздүү, жайы кургак, июлдун орточо температурасы 23°С, январдыкы 3°С; түштүгүнүкү нымдуу субтропиктик климат (июлдун орточо температурасы 24°С, январдыкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 500 **, түштүгүндө 2800 мм. Түндүгүндө токой жана шибляк тибиндеги ксерофиль бадалдары, түштүгүндө лианалуу жана дайыма жашыл бадалдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, чай өстүрүү өнүккөн. Климаттык жана бальнеологиялык курорттуу (Анапа, Геленжик, Сочи, Хоста, Гагра, Гудаута, Сухуми, Кобулети, Батуми ж. б.) зона.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.