From Wikipedia, the free encyclopedia
Канзас-Сити (англисче Kansas City) – АКШнын Ортоңку Батышындагы аты окшош жанаша турган эки шаар. Канзас жана Миссури штаттарынын чек арасында, Канзас дарыясы Миссури дарыясына куйган жерде жайгашкан. Калкы 441,1 миң (2008; Миссури штатындагы) жана 142,1 миң (Канзас штатындагы). Бул эки шаар бир агломерацияны түзөт (калкы 1,9 млн; курамына бир нече майда шаарлар кирет). Ири жолдор тоому. Маанилүү дарыя порту. Труба магистралдар түйүнү (анын ичинде газ трубасы). Эл аралык аэропорту бар. Канзас-Ситинин агломерациясы өлкөнүн Географиялык борборуна жакындыгынан «Американын жүрөгү» деп аталат.
Канзас-Сити 1821-жылы негизделген. 1853-жылдан шаар. 1889-жылдан азыркыдай аталат. Шаардын агломерациясы – өлкөнүн башкы тамак-аш (негизинен ун, эт) борбору. Автомобиль чогултуучу, нефть ажыратуу, полигр. (анын ичинде куттуктоо открыткаларын чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири «Hallmark Cards» компаниясынын штабквартирасы), электроника жана башка өнөр-жай ишканалары иштейт. Шаарда бульварлар жана фонтандар (200дөн ашык; Парижден гана калышат) көп кездешет. Эл аралык академиялар, Илимий Изилдөө институттары, университеттер, институттар, китепканалар, музейлер жана башка бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.