Олжобай Каратаев
From Wikipedia, the free encyclopedia
Олжобай Каратаев — Кыргызстандык заманбап тарыхчы жана этнографы, түркологу, тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2008). Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2023), 2015-жылдын август айынан тартып 1922-жылга чейин Түркиянын Кастамону шаарынын Кастамону мамлекеттик университетинде (Кузейкент) Фен Адабият факультетинде профессорлук кызматын аркалады. аль Фараби атындагы Казак Улуттук университетинде чакырылган профессор катары дарстар окуган. Учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору болуп эмгектенип келет.
Олжобай Каратаев | |
Ишмердүүлүк тармагы: | |
---|---|
Туулган датасы: |
23 -август 1963(1963-08-23) (60 жаш) |
Туулган жери: |
Орто Азия, Сузак району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР |
Жарандыгы: |
Азыркы Кыргызстандагы тарых, түркология, ономастика жана этнография, Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты тармагында иштеген адистердин бири. Кыргыздардын этникалык тарыхын, этногенезин, көөнө маданиятын, кыргыз жана түрк эн тамгалары, байыркы жана орто кылымдардагы Кыргыз каганатынын мамлекеттик-башкаруу жана административдик системасын иликтөө боюнча адис. Кыргыздардын уруулук курамы, этномаданий, этносаясий тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Кыргыздардын этностук тарыхы, этногенези, кыргыздардан бөлүнүп чыккан бүгүнкү этностук азчылыктар (Фуюй кыргыздары, Тарбагатай кыргыздары, лобнорлуктар, сарыг угурлар же юйгулар, долондор, хотондор, лакайлар, катагандар ж.б.) боюнча изилдөөлөрдүн, бир катар этнографиялык сөздүктөрдүн, глоссарийлик эмгектердин автору. Кошуна өлкөлөрдө (Кытай Эл Республикасы, Ооганстан, Мургаб, Жергетал, Фергана өрөөнүнүн Өзбекстанга караган бөлүктөрүндө жана Жиззактын Бакмал, Замин райондорунда, Ташкенттин Бөкө, Пушкин аймактарында, Сыр-Дарыя облусунда) чөлкөмдөрүндө эзелтеден жашап келе жаткан кыргыздар жана алардын этникалык тарыхы, этногенези, маданияты боюнча ири эмгектерди жаратып келет. Мындан сырткары, кыргыз урууларынын келип чыгышы, локализациясы, эн тамгалары, орто кылымдардагы кыргыз аскердик жана саясий жетекчилери боюнча эмгектерди жазып, жарыкка чыгарууда. Этнографиялык өңүттөгү изилдөөлөргө байланышкан эмгектердин автору. Диссертациялык ишти (илимдин кандидаттык диссертациясы) тарых илиминде эң биринчи болуп кыргыз тилинде жазып, коргогон (1994). Энциклопедиялык маанидеги жарык көргөн эмгектердин автору. Учурда Кыргызстандын, түрк элдеринин тарыхы боюнча жазылып жана изилденип жаткан ири илимий Проектердин катышуучусу, Редакторлук, диссертациялык Кеңештердин мүчөсү. Бир катар Эл аралык илимий Проектердин (Казакстан, Түркия, Россия ж.б.) катышуучусу. Эмгектери кыргыз, түрк, англис, орус, азербайжан, украин ж.б. тилдерде чет элдик илимий басылмаларда жарык көрүп келе жатат.