From Wikipedia, the free encyclopedia
Ла-Манш (фр. La Manche, сөзмө-сөз – салаа), Англис каналы – Европанын материктик бөлүгү (Франция) менен Улуу Британия аралынын ортосундагы кысык. Па-де-Кале кысыгы менен бирге Түндүк деңизди Атлантика океаны менен туташтырат. Узундугу 578 км, жазылыгы батышында 250 км, чыгышында 32 км. Фарватердеги тереңдиги 23,5 м, эң терең жери 172 м. Сайроондор (айрыкча чыгыш бөлүгүндө) көп. Суусу суткасына эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги айрым бөлүгүндө 12,2 мге (Сен-Мало булуңунда) жетет. Көбүнчө туман басып турат. Кысык аркылуу Түндүк жана Балтика деңиздеринин жээктериндеги өлкөлөрдү Түндүк жана Түштүк Америка, ошондой эле Африка, Азия, Австралия өлкөлөрү менен байланыштырган маанилүү жол өтөт. Балык кармалат.
Порттору: Портсмут, Саутгемптон, Плимут (Улуу Британия), Гавр, Шербур (Франция). Ла-Манш кысыгынын түбү менен Францияны Улуу Британия менен байланыштырган темир жол тоннели курулган (1994-ж. 6-майда ачылган); анын жалпы узундугу 51 км, анын 39 кми кысыктын таманынын асты менен өтөт.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.