![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/2/20/Usa_edcp_location_map.svg/langky-640px-Usa_edcp_location_map.svg.png&w=640&q=50)
Лас-Вегас
From Wikipedia, the free encyclopedia
Лас-Вегас – АКШнын түштүк-батышындагы шаар. Невада штатынын түштүгүндө. Калкы 570,1 миң (2010; шаар агломерациясы менен 2,3 млн). Ири жолдор тоому. Эл аралык жана жергиликтүү маанидеги аэропорттору бар.
Отурукташкан жай
Лас Вегас
|
1905-ж. негизделген. 1911-жылдан шаар. Лас-Вегастын борборунда мормондордун эски форту (1855; чийки кыштан салынган), отель, «Голден Гейт» казиносу, үстү жабык Фремонт көчөсүндө казино-отели (1946; негизинен Голливуд кинолору тартылуучу жер) жайгашкан. Жалпы улуттук маанидеги көңүл ачуу индустриясынын жана туризмдин борбору. Электр-техникалык өнөр жай, агломерациясында жогорку технология чөйрөсү (телекоммуникация, электрондук оюндарды жөнгө салуу), Лас-Вегаска жакын жерде «Неллис» аскер-аба базасы иштейт. Университеттер, бир нече коллеждер жана сүрөт галереясы, китепканалар, музейлер бар. Теннис боюнча эл аралык турнирлер (аялдар жана эркектер арасында), «Формула-1» автожарышы, ишкер жана илимий конференциялар, көргөзмө, жармаңке жана башка өткөрүлүп турат. Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүчү уюмдар (туристтерди кызыктырат) уюштурулган. Климаттык курорт.