![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/76/Multitouch_screen.svg/langky-640px-Multitouch_screen.svg.png&w=640&q=50)
Мультитач
From Wikipedia, the free encyclopedia
Мультитач (англ. multi-touch) — Сенсордук экранда бир канча басууларды белгилеп, ага реакция кылуучу функция. Англис тилинен которгондо “көп жолу тийүү” (multi-touch) деген маанини камтыйт. Башкача айтканда, 2-3 манжаңыз менен сенсордук экранда бир эле убакытта иштей аласыз. Муну менен экранды каалаган жакка айлантуу, сүрөттүн масштабын өзгөртүп алуу жана башка функцияларды аткарууга мүмкүн. Мультитач-экрандар аркылуу бир эле убакытта бир канча колдонуучулар менен иштесе да болот. Ошондой эле ага ылайыкталган атайын оюндар чыгарылган. Учурда бул функция көпчүлүк тачпад, электрондук китеп жана смартфондордо колдонулууда.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/76/Multitouch_screen.svg/220px-Multitouch_screen.svg.png)