Океанография, Океанология (океан жана …логия) – Дүйнөлүк океандагы физикалык, химиялык, Геологиялык жана биологиялык процесстер жөнүндөгү илим. Океанологиянын негизги тармактары: океан физикасы – океан жана деңиз сууларындагы физикалык процесстерди, океан менен атмосферанын өз ара аракеттенүү закон ченемдеринин; океан химиясы – океандагы химиялык заттардын алмашуу жана трансформациялануу закон ченемдеринин, ал заттардын химиялык балансын; океан биологиясы – биомассанын пайда болууга, биомассаны жана организмдердин маанилүү түрлөрүнүн жылдык продуктуулугунун, океандын биологиялык продуктуулугунун жөнгө салынып туруу закон ченемдерин; океан геологиясы – океан түбүндөгү жана анын астындагы Геологиялык процесстердин жана кен байлыктардын пайда болуу закон ченемдерин изилдейт. Океанологиянын башкы максаты – деңиз үстүндө жана астында кеме жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылып, натыйжалуулугун жогорулатуу, океандын биологиялык, минералдык жана энергия ресурстарын пайдалануу, аба ырайын прогноздоо ыкмасын өркүндөтүү.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.