Орустар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Орустар (орус. русские, russkié) — чыгыш славян эли; РФтин жергиликтүү калкы. Латвия, Литва, Эстония, Украина, Беларуссия, Молдавия, Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле АКШ, Канада, Бразилия, Германия, Улуу Британия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттерде диаспоралары бар.
Орустар | |
| |
Русские | |
---|---|
Мамлекеттер жана аймактар | |
Бардыгы: 133,5 млн | |
Тили | |
Дини | |
Расалык тиби | |
Кирет |
Слав элдери |
Тууган элдер |
украиндер, беларустар, русиндер |
Этникалык топтор | |
Келип чыгышы | |
Мамлекеттүүлүгү |
Улуу Москва Падышалыгы (1263-1478) |
Жалпы саны дүйнөдө 133 млн, анын ичинде 111016896 киши Россияда жашайт (2010). Динге ишенгендеринин көбү – православныйлар. Орус тилинде сүйлөшөт. Орустар чыгыш славян урууларында уруулук мамилелер ыдырап, Киев айланасында Байыркы орус мамлекети түзүлгөн мезгилде пайда болгон байыркы орус элинен (9-к.) келип чыккан. Этностук негизин чыгыш славян элдери (кривичтер, словендер, вятичтер, северяндар), ошондой эле финн-угор уруулары түзгөн. Орустар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Салттык кийимдери түн. жана Түштүк аймактарында бири-биринен айырмаланат. Эркектери тик жакалуу ак көйнөк, кендир ыштан, сыртынан таардан тигилген жакасыз узун кемсел, бутуна жөкө чокой же өтүк кийип, белине кур курчанат. Аялдары – түн. аймактары сарафан, түштүгү юбка, көйнөк, кофта кийип, алжапкыч тагынган. Тамак-ашы негизинен ботко, щи, пельмен, суусундук катары квасты көбүрөөк колдонушат.