Программалык жабдык
From Wikipedia, the free encyclopedia
Программалык жабдык, программалык жабдуу, программалык камсыздоо, программалык жабдылыш (англ. software, орус. программное обеспечение) — компьютердик программалардын же алардын бир бөлүгүн, процедураларын, аларда иштөөнү жеңилдетүү максатында ар бир программада болуучу документтердин (Жардам файлы) жана аларга байланышкан берилмелердин жалпы аталышы. Б. а. программалык жабдык - деп маалымат иштетүү системасынын жумушу менен байланышкан программалардын, процедуралардын, алгоритмдердин жана аларды документтөөнүн жыйындысын айтабыз. Программалык жабдууну аппараттык жабдуулар менен алмаштырбоо зарыл, бул экөөнүн эң жөнөкөй айырмасы биринчисин кармоого болбойт. Программалык жабдуу терминин ПЖ деп шарттуу кыскартылган түрүндө да колдонушат.