Тай тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тай тили ― тайлардын тили. Тектеш тилдер тобуна кирет. Тайланд, Түштүк Кытай, Лаос, Түндүк Въетнам жана Түндүк-Чыгыш Бирмага тараган. Негизгилери – тай (сиам), (Таиланд), лаос, шан (Бирма) жана чжуан (КЭР, Гуанси) тили. Тай тилдери түндүк, борбордук жана түштүк-батыш деп үч топко бөлүнөт. Бирок алардын ортосунда орчундуу айырма жок. Түштүк-батыш тобундагы тилдердин көбүнүн өзүнчө жазма системасы бар. Алгачкы жазуу эстеликтери XIII кылымга таандык.