Татар тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Татар тили – татарлардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. РФтин Татарстан, Башкыртстан, Чувашия, Мордовия, ошондой эле КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) мамлекеттерине тараган.
Негизги диалекттери:
- борбордук же орто (Казань татарлары сүйлөйт);
- батыш же мишар;
- чыгыш диалект (сибирлик татарлардын диалектиси).
Азыркы адабий татар тилинин калыптануу процесси 19-кылымдын ортосунда эски татар тилинин негизинде башталган. Жазуусу 1927-жылга чейин араб, кийин латын, 1939-жылдан орус графикасына өткөн.