Текст
From Wikipedia, the free encyclopedia
Текст (лат. textus — кездеме, бирикме) — басылган, жазылган же оозеки формадагы сөз (чыгарма); адабият, фольклор жана жазуунун бардык түрү;
2) тил эрежесине ылайык курулган сүйлөмдөрдүн ырааттуу катары. Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышы грамматикалык каражаттар (аралаш сүйлөмдөрдө этиштин чактары же ыңгайлары ээрчишип келет ж. б.), маанилик катыш (ар бир сүйлөм өзүнөн мурунку сүйлөмдөгү маанилик кабарды колдонот) аркылуу ишке ашат.
Сүйлөмдө сөздөр менен интонациялар Тексттеги ролуна жараша жайгашат. Текст куруунун тилдик нормаларын 20-кылымдын 60–70-жылдарынан тартып өнүккөн тил илиминин «металингвистика», транслингвистика, Текст лингвистикасы же сөз анализи деген тармактарды изилдейт. Кең мааниде Текст – тил илиминде ар бир тилдин өз өзгөчөлүктөрүнө ылайык курулган бардык эле сүйлөмдүн иреттүү катары;
3) түшүндүрмөсүз жана тиркемесиз жазылган автордук чыгарма;
4) басма сөз чыгармаларынын иллюстрациядан башка бөлүгү;
5) кегли (өлчөмү) 20 пунктка (7,52 мм) барабар басмаканалык арип.