![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/42/Karibik_Turks-_und_Caicosinseln.png/640px-Karibik_Turks-_und_Caicosinseln.png&w=640&q=50)
Теркс жана Кайкос аралдары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Теркс жана Кайкос аралдары — Улуу Британия ээлиги. Кариб деңизиндеги 2 аралдар тобунан (Багама аралынан түштүк-чыгышка, Гаити аралынан түндүгүрөөк) турат. Аянты 430 км2. Калкы 20,1 миң (2010). Административдик борбору – Кукбурнтаун. Расмий тили – англис тили. Аралдын курамына кирген 40ка жакын аралдын 8инде гана адам жашайт. 1962-ж. чейин Улуу Британиянын ээлиги Ямайканын бир бөлүгү болгон. Ямайка көз каранды эместикке ээ болгондон Багама аралынын ээлиги. 1973-жылдан Улуу Британиянын башкаруусунун астында болуп, учурда өз алдынча көз каранды эмес аймак. Аралды мыйзам чыгаруучу кеңештин мүчөлөрү тарабынан дайындалган губернатор башкарат. Анын курамы премьер-министрден жана 4 министрден турат. Калкынын негизин мурунку кулдардын тукумдары негрлер (90%) түзөт. Аралда ичүүчү таза суу жокко эсе. Ошондуктан алар негизинен жаан суусун пайдаланат.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/42/Karibik_Turks-_und_Caicosinseln.png/640px-Karibik_Turks-_und_Caicosinseln.png)