Тиррен деңизи – жартылай туюк деңиз, Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин жарым аралы менен Сицилия, Сардиния жана Корсика аралынын аралыгында. Алар менен Корсика, Бонифачо, Сардиния менен Мессина кысыктары аркылуу туташат. Аянты 214 миң км2. Эң терең жери 3830 м. Түштүк-чыгышында Липари аралдары жайгашкан. Деңиздин аймагы аркылуу өткөн тектоникалык жарака суу астындагы тоо кыркаларын жана аракеттеги жанартоолорду (Везувий, Стромболи, Вулькано ж. б.) пайда кылган. Суунун температурасы жайында 22–24,5°С, кышында 13–14°С. Туздуулугу 37,25–38,25%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (0,5 жге чейин). Балык (сардина, тунец, угорь, кылыч балык) кармалат. Башкы порттору: Неаполь, Палермо, Кальяри (Италия), Бастия (Франция).

Thumb
Тиррен деңизи.

Колдонулган адабияттар

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.