Торгоуттар - Монголия (Кобдо), КЭРдин Ички Монголия, Шинжаң аймактарында жашаган монгол тилдүү калк.
Саны 30 миңден ашуун, лама динин тутунушат. Ойрот тилинин торгоут диалектисинде сүйлөшөт. XVI к. аяк ченинде (1599-ж.) кыргыздар башында турган Ойрот мамлекетинин курамына кирген.
Волгалык калмактардын курамында да торгоуттар бар. Торгоут - «хан өргөөсүнүн сакчылары» маанисин туюнтат. Түндүк-батыш Монголиядагы торгоуттардын курамында «кыргыз», «бурут» этнонимдери кездешери маалым.
Колдонулган адабияттар
- Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.