From Wikipedia, the free encyclopedia
Машаякчылык, христиан дини (англ. Christianity, орус. Христианство) эң кеңири таралган дүйнөдөгү диндердин бири болуп саналат.
Ал I кылымда пайда болгон. Андагы башкы каарман Нурхан (Иисус Христос), Нурхан пайгамбар Исламда пайгамбарлардын арасында болот. Ыйса Машайакты - Машаякчылар Адам Уулу менен Кудайдын Уулу дешет (Mатай 14:33), адам кудай болуп эсептеленет дешет, ал адамдардын күнөөлөрүн көтөрүп, айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлгөн дешет. Ал тирилгенден кийин, асманга кайып болуп учуп кеткен деп ишенишет.
Ыйсанын белгилүү шакирттери: Петир, Андрей, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей, Томас, Тадай менен Жүйүт Искариот.
Бул диндин ыйык китеби эки бөлүктөн: Инжил менен Забурдан турат аны Машаякчылар Байыркы жана Жаңы Осуят деп которушат, экөө кошулуп Библия китебин түзөт, грек. βίβλος китеп деп которулат. Байыркы осуятка Мусанын Беш китеби кирет. Анын биринчиси - "Башталыш" - дүйнөнүн жаралышы, Адам жана Обо эне, дүйнөлүк топон суу, Жусуп жана мисирдиктердеги туткун жөнүндө баяндалат. "Мисирден чыгуу" - экинчи китеп - жөөттөрдүн Мисирден кетүүсү, Муса жана анын насааттары жөнүндө баяндайт, кадаа-салттардын жыйындысы болуп эсептелет.
Төртүнчүсү - "Сандар" - жана бешинчи китеп - "Мыйзам кайталоо" - жөөттөрдүн мисирдик туткундан кийинки тарыхына арналган. Анан дагы Инжилде пайгамбарлардын, соттордун жана Ысрайыл падышаларынын китептери, Дөөттүн забурлар жыйнагы, Сулаймандын ырлар жыйнагы, Сулаймандын Накыл сөздөрү жана башкалар орун алган.
Машаякчылык - ири жана Ыбрайым менен дүйнөлүк диндер, мүчөлөрүнүн саны да, болжол менен 2,3 млрд менен, территориялык бөлүштүрүү боюнча - дүйнөнүн ар бир өлкөдө, жок дегенде, бир Ыйсаны жолдогондордун коомчулугу бар.[1]
Жаңы Осуят төрт Жакшы кабардан (Евангилие): Марктын, Матайдын, Луканын, Жакандын жакшы кабарларынан, ыйык элчилердин каттарынан, Жакандын алган аян (же "Апокалипсистен") турат.
1054-жылы христианчылык эки жыйынга: чыгыш жана батыш жыйындарына бөлүнөт. Батыштагысы католиктер деп, чыгыштагысы - православлиелик деп аталып калган.
Кыргызстандын жарандарынын 80-90% ислам динине кирет. Ал эми калган пайызын Орус Ортодокстуу Чиркөө түзөт. Кыргыз-машаякчылардын көбү - протестантизм бутагына кирет.
Кыргыз ичинде машаякчылык дини көп тараган эмес. Анткени көбү Ыйса Машаяк (Иисус Христосту) жөн эле пайгамбар деп эсептесе, машаякчылар аны Куткаруучу жана Кудай Уулу катары көрүшөт.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.