![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/a/a9/Skype-%25D0%25BE.g.png/640px-Skype-%25D0%25BE.g.png&w=640&q=50)
Skype
From Wikipedia, the free encyclopedia
Skype ― Niklas Zennström негиздеген жана 2011-жылдан баштап Microsoft тарабынан ээленген проприетардык VoIP кызмат жана програмдык жабдык.
Skype | |
![]() | |
![]() | |
Тип |
VoIP-сервис, софтфон, IM |
---|---|
Түзүүчү |
Microsoft (мурун Skype Limited) |
Программалоо тили |
CodeGear Delphi / Objective-C (Mac OS X/iPhone/Nintendo DSi) / C++ с Qt4 (Linux) |
Операциялык система |
Эки операциялык системаны колдонгон программа |
Акыркы үлгүсү |
5.9.66.114 — (Windows) , |
Лицензия |
Freeware |
Сайты |
Бул кызмат колдонуучуларга бири-бири менен интернет аркылуу үн, видео жана чат жардамы менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Кадимки телефон тармактарынын абоненттерине да чалууларды аткарса болот. Skype кызмат ичинде чалуулар акысыз, бирок бекитилген жана мобилдик телефондорго чалуулар дебит негизинде иштеген колдонуучу эсеп системасы аркылуу эсептелет. Ошондой эле, Skype өзүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрү менен популярдуу болгон, алардын ичинде файл жиберүү жана видео-конференция уюштуруу. Атаандаштарына SIP жана H.323 негизинде иштеген Empathy, Linphone, Ekiga жана Google Talk кызматтары кирет.
Skype'тын катталган колдонуучуларынын саны 2011 жылдын аяк оонасында 663 миллионду түздү [2]. Тармак азыр Microsoft тарабынан иштетилет, анын Skype бөлүмүнүн башкеңсеси Люксембургда жайгашкан. Иштетүүчүлөр (eng.: developers) тайпасынын көпчүлүгү жана бөлүмдүн жалпы жумушчулардын 44% Эстониядагы Таллин жана Тарту шаарларында жайгашкан.
Көптөгөн башка VoIP кызматтардан айрымаланып, Skype peer-to-peer (котормосу: тең укуктуу түйүндөр) жана кардар-сервер гибрид системасы болуп эсептелет, жана компьютерге орнотулганда көмүскөдө иштейт; баштапкы аты – Sky peer-to-peer – ушуну түшүндүрөт.
Кээ бир тармак администраторлор Skype'ты колдонууга корпоративдик, мамлекеттик, үй, жана билим берүү мекемелери деңгээлинде тыйуу салган, ресурстарды одоно көп колдонот, каналдарды трафик менен толтурат, жана коопсуздук суроолору менен байланыштуу деген себептер менен.