Тайланд
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тайланд (тай. ประเทศไทย), расмий түрдө Тайланд Падышалыгы (тай. ราชอาณาจักรไทย), 1939-жылга чейин жана 1945―1949-жылдары Сиам (тай. สยาม) угуу (маалымат) ― Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүгүнөн Түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңу, түштүк-батышынан Андаман деңизи чулгайт. Батышынан Мьянма, чыгышынан Лаос жана Камбоджа менен чектешет. Инди-Кытай жарым аралынын борбордук бөлүгүн жана Малакка жарым аралынын түндүк бөлүгүн ээлейт. Аянты 513,1 миң км2. Калкы 66,4 млн (2010). Борбору – Бангкок шаары. Административдик-аймактык жактан 75 провинцияга жана бир борбордук муниципалитетке бөлүнөт. Акча бирдиги – бат.
Тайланд Падышалыгы | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Расмий тили | Тай тилдери | ||||
Борбор шаары | Бангкок | ||||
Ири шаарлар | Бангкок | ||||
Башкаруу формасы | конституциялык монархия | ||||
Падыша | Маха Вачиралонгкорн | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 50чү - дүйнөдө 513 120 км2 км² 0,4 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы | ▲ 66,171,493 адам (20чы) ▲ 135,5 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | Бат | ||||
Домени | .th | ||||
ISO коду | TH | ||||
ЭОК коду | THA | ||||
Телефон коду | +66 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC /GMT+7 |
Тайланд – БУУнун (1946), Эл аралык атом энергетикасы агенттигинин (1957), ЭВФтин (1949), ЮНЕСКОнун (1949), ИНТЕРПОЛдун (1951), Азия өнүктүрүү банкынын (1966), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967) ж. б. мүчөсү.
King : Рама X