Түркстан облусу (Казакстан)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Түштүк Казакстан облусу - Казакстандагы адм.-айм. бирдик.
Өлкө |
Казакстан |
---|---|
Административдик борбор |
Түркстан |
Башчысы |
Өмүрзак Шөкеев |
Расмий тили | |
Калкы |
▲ 1 973 331[1] |
Жыштыгы |
16,97 адам/км² |
Улуттук курамы |
казактар (72,90 %) |
Коду ISO 3166-2 |
KZ-YUZ |
Телефон коду |
+7 725х xx-xx-xx |
Расмий сайты | |
Облус болуп 1932-ж. 10мартта уюшулган. 1962-жылдын 3-майына жана 1992-жылдын 6-июлуна чейин Чымкент обл., учурда азыркыдай аталат. Аянты 117,2 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 4,3%и). Калкы 2,7 млн (2013); негизинен казактар (72%), ошондой эле өзбек, орус, азербайжан, тажик, түрк, корей, күрд, украин, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 117,2 киши. Адм. борбору - Чымкент ш.
Ири шаарлары: Чымкент, Түркстан, Кен-Тоо. Облустун аймагынын көпчүлүк бөлүгүн түздүк, түндүгүн Бетпак-Талаа чөлү, эң четки түштүгүн Ач талаа (Мырза-Чөл), ортонку бөлүгүн Кара-Тоо (эң бийик жери - Беш-Саз чокусу; 2176 м), түштүк-чыгышын жана батышын Талас Ала-Тоосу, Угаж кырка тоосу ээлейт. Ири дарыялары - Сыр-Дарыя (куймалары: Көөлөш, Куру-Көөлөш, Арыс) жана Чүй. Полиметалл (КенТоо шаарынын аймагында), темир кендери (КараТоо кырка тоосунда) казылып алынат. Сугат дыйканчылыгы басымдуу. Дан эгиндери, пахта (мол түшүм алса болот), шалы эгилет. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Уй, кой (негизинен каракөл), эчки, чочко, жылкы асыралып, үй куштарынан негизинен күрп багылат.