From Wikipedia, the free encyclopedia
Яунде (французча: Yaoundé) Африкадагы бир шаар, жана Камерундун борбор шаары.
Отурукташкан жай
Яунде
|
Яунде Камерундун түштүк-чыгышында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 730 метр бийиктикте жайгашкан[1]. Шаар Камерун тоо платосунда орун алган[1]. Климаты субэкваториалдык. Эки узакка созулган нымдуу мезгил жана эки кыска кургак мезгил болуп өтөт (январь-февраль жана июль). Абанын орточо температурасы январда +23 градусту, июлда +21 ди түзөт. Жылдык орточо жаан-чачындын өлчөмү — 1750 мм. Жаан чачындар сентябрдан ноябрга чейин жана апрельден июнга чейинки аралыкта болот.
Калып:Климаты
Шаар 1888-жылы германиялык протектораттардын мезгилинде негизделген[1]) [2]. 1915-жылы Яунде бельгиялык аскерлер тарабынан басып алынган. 1922-жылы Француз Камеруну деп жарыяланган.[2]. 1940—1946 жылдары борбор шаар болуп Дуала эсептелген. 1972-жылдан баштап - Бириккен Камерун Республикасынын өкмөтү башкарган[2].
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.