From Wikipedia, the free encyclopedia
.in — Индия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
.in | |
DotIn ccTLD logo.svg | |
Киргизилген жылы | |
---|---|
Домендин тиби | |
Макамы |
иш үстүндө |
Каттоочу уюм |
INRegistry |
Уюштуруучу |
National Internet Exchange of India |
Багыты |
Индия менен байланышкан объектер |
Колдонулушу |
Индияда абдан популярдуу. 2005-жылы каттоо эрежелерин жеңилдеткенден кийин чет өлкөлүк каттоочулардын санынын өсүшүнө алып келди. |
Каттоодо болгон жолтоолор |
Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Маңызы |
Үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоо, экинчи деңгээлдеги домендердин аталышына байланыштуу |
Документтер | |
Карама-каршылыктарды чечүү | |
DNSSEC |
бар |
Веб-сайт |
.भारत | |
.bharat.svg | |
Киргизилген жылы | |
---|---|
Домендин тиби | |
Макамы |
иш үстүндө |
Каттоочу уюм |
INRegistry |
Уюштуруучу |
National Internet Exchange of India |
Багыты |
Индия менен байланышкан объектер |
Колдонулушу |
Индияда кеңири колдонулат |
Каттоодо болгон жолтоолор |
Кээ бир субдомендерди каттоодо чектөөлөр бар सरकार.भारत (≈ gov.in) жана विद्या.भारत (≈ edu.in) |
Маңызы |
Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
DNSSEC |
бар |
Веб-сайт |
रजिस्ट्री.भारत (registry.bharat) |
.in — 1989-жылы баштапкы .com, .net жогорку деңгээлдеги жалпы домендеринен жана .us улуттук доменинен кийин, төртүнчү болуп ишке берилген домендик аймак.
Учурда ал National Internet Exchange of India (NIXI) тарабынан башкарылат.
Домен алгач Программалоо технологиялары боюнча улуттук борбору (NCST) жана ага караштуу Эсептөөлөрдү өнүктүрүү борбору (C-DAC) тарабынан башкарылган.
Индиянын Өкмөтү 2004-жылы .in домендик аймакты башкаруу жоопкерчилигин Индиянын National Internet Exchange of India (NIXI) курамындагы жаңы түзүлгөн National Informatics Centre (NIC) өткөрүп берүү жөнүндө буйрук чыгарган.
Neustar Data Infotech (India), ERNET жана Коргоо министрлиги - gov.in, res.in, ac.in жана mil.in домендерин каттоочу болуп дайындалышкан[1][2].
2018-жылдын августунда NIXI Neustar Incтин туунду компаниясы болгон Neustar Inc компаниясына домендери каттоо кызматтарын камсыздоо укуктары берилген жана 2019-жылдын мартында толугу менен ишке киришкен.
Neustar Inc жергиликтүү тилдердеги домендердин аталыштарын каттоо боюнча да иш алып барат[3].
2005-жылдан тартып домендерди каттоодо либералдаштырылган саясат жүргүзүлө баштаган жана .in домен аймагында экинчи деңгээлдеги аталыштарды чектөөсүз каттоого жол ачылган.
Бул саясатка чейин түзүлгөн, учурдагы иш үстүндөгү домендик аймактардын ичинде да чектөөсүз каттоого уруксат берилген[4]:
Индиядагы ар тарапту институттар үчүн резеврделген аталыштар[4]:
.nic.in домендик аталыш — Индиянын Улуттук маалымат борбору үчүн резеврделген, бирок иш жүзүндө Индиянын мамлекеттик мекемелеринин көбүнүн домендеринин аталышы .nic.in менен аяктайт.
.in домендик аймагында, 2021-жылдын 29-октябрында замандын талабына ылайык төмөнкү субдомендер ишке киргизилген[5]:
Чектөөлөр бар учурунда.in аймагында, 1992-жылдан 2004-жылга чейин 7000 гана домен катталган.
2010-жылдын март айына карата бул аймакта катталган домендердин саны 610 000ден ашкан (60% Индия менен байланышы бар объектер, 40% чет өлкөлөргө таандык объектер).
2011-жылдын октябрына карата домендердин саны 1 миллиондон ашкан.
2010-жылдын март айына карата бул аймакта катталган домендердин саны 2 миллиондон ашкан[6].
Каттоо шарттарына ылайык .in домендик аймагында купуялыка жол берилбейт (домендин аталышы ачык маалымат)[7].
Индиянын аймагында тараган 22 жергиликтүү тилде эл аралык домендик аталыштарды киргизүүнү пландалган. 2016-жылдын октябрында, ICANN тарабынан домендик аталыштардын он беши кабыл алынган:
.भारत (деванагариче), төмөнкү аймактарда каттоо жеткиликтүү[7]:
Деванагариче жазылышы | Окулушу |
भारत | .бхарат |
कंपनी.भारत | компания.бхарат |
विद्या.भारत | видиа.бхарат |
सरकार.भारत | саркар.бхарат |
2016-жылы, Индия өкмөтү дагы сегиз домендик аталыштарды алуу боюнча арыз менен кайрлыган.
.বাংলা (бенгалча) домендик аталышы Bangladesh Telecommunication Company Limited (BTCL) башкарууга берилген.
Азыр, Индияда томонку домендик аталыштарды каттоо ачык:
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.