![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/34/IPhone_12_Blue.svg/langky-640px-IPhone_12_Blue.svg.png&w=640&q=50)
iPhone 12
From Wikipedia, the free encyclopedia
iPhone 12 жана iPhone 12 mini — Apple корпорациясы тарабынан чыгарылган смартфондор.
iPhone 12 | |
![]() | |
![]() ' | |
Бренд | |
---|---|
Өндүрүүчү | |
Сериясы | |
Чыгарылган датасы |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
Баасы | |
Сатыкка чыгышы | |
Түрү | |
Форм-фактору |
Моноблок |
Көлөмү |
iPhone 12: 146,7 × 71,5 × 7,4 мм |
Салмагы |
iPhone 12: 162—164 г |
Оперативдик системи |
iOS 14 |
Процессору |
Apple A14 Bionic |
Графикасы |
6 ядорлуу |
Флеш-эс тутуму |
64, 128, 256 ГБ |
Эс тутум картасы |
кыстырылбаган |
Аккумулятору | |
Ввод |
сенсордуу экран |
Экраны |
6,1 |
Мурдагысы |
iPhone 11 |
Кийинкиси |
iPhone 13 |
Шилтемеси |
iPhone 12 смарфону 14-чү муундун[4], базалык модели болуп эсептелет[5] , ошондой эле iPhone 11 смартфонунун кийинки мууну[6].
13-октябрда "Apple" компаниясы жаңы смартфондордун бет ачарын өткөргөн. АКШда өткөн презентацияда "Apple" iPhone смартфонунун жаңы моделдерин сунуштаган. Алардын катарына iPhone 12, iPhone 12 mini, iPhone 12 Pro жана iPhone 12 Pro Max бар[7][8][5].
Жаңы смартфондордун негизги өзгөчөлүгү - 5G технологиясын колдоосу. 5G смартфондогу интернет байланышын түзгөн технологиянын бешинчи мууну болуп саналат[6][8][9][10].
Гаджет OLED дисплейи менен жабдылган жана анын айнеги жаңы бышык Ceramic Shield [5] технологиясы менен корголгон. Смартфон мурункусуна салыштырмалуу 11 пайызга ичкерип, 15 пайызга жеңилдеген[1]. Тегерек кырлары дизайнынын айырмалоочу өзгөчөлүгүнө айланып, гаджеттер iPhone 4 жана iPhone 5 телефондорун эске салат. Дисплейдин диагоналдары iPhone 12 mini үчүн 5,4 дюйм, 12 жана 12 Pro үчүн 6,1 дюйм, ал эми Pro Max үчүн 6,7 дюйм.
IPhone 12 мурунку үлгүдөгү кош камераны алган. Ал эми iPhone 12 Pro Max телефону үчүнчү камерага ээ. Ошондой эле, камерада жаңы Smart HDR 3 функциясы бар. Ал ар түрдүү жарыкка каршы сүрөткө тарта алат. Мындан сырткары iPhone түнкүсүн сүрөткө тартуу мүмкүнчүлүктөрүн да жакшырткан. Адистер кесипкөй сүрөттөдү редакциялоо үчүн, "Apple" ProRAW жаңы режимин түзүп чыгышты. Бул сүрөттөрдү түзөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Жаңы iPhone 12 жана iPhone 12 mini моделдери беш түстө чыгары белгилүү болду. Алар кара, ак, кызыл, жашыл жана көк, IPhone 12 Pro Max та болсо, күмүш, кара, алтын жана көк түстөрдө сатыкка коюлат. Бул жолу, iPhone дун сатууну ишке киргизүү боюнча схемасы кыйла татаалыраак көрүнөт. Анткени iPhone 12 жана iPhone 12 Pro 23-октябрда сатыкка чыгат, ал эми алдын ала буюртма 21-октябрда башталат. iPhone 12 mini жана iPhone 12 Pro Max бир айдан кийин чыгат, алдын ала буюртма 6-ноябрда башталат. Ал эми сатуу 13-ноябрда башталары айтылган.
IPhone 12 Pro'нун базалык версиясы 1000 долларга, Pro Max 1100 долларга бааланып, ал эми сомго болжол менен 110 миңден башталат.