Ажар (повесть)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Ажар – кыргыз адабиятындагы туңгуч повесттердин бири. 1928-ж. жарык көргөн. Баялы уулу Касымалынын повести.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
1916 жылы Үркүндө Кытай жергесине качууга мажбур болгон кыргыз элинин тагдырын башкы каарман - Ажардын тагдыры аркылуу чагылдырат[1].
Повесттин башкы каарманы - Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Касымалыдын бул чыгармасын өткөн кылымдын 20-жылдарында татар, казак, өзбек адабияттарында жана алардын таасири астында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма адабиятында негизги темалардын бири болгон кыз-келиндердин эзилген турмушу жөнүндөгү чыгармалардын катарына кошууга болот. Бирок композициялык курулушунун өзгөчөлүгү чыгарманын башкы темасы тууралуу ачакей пикир жаралышына негиз берет. Анткени чыгармада башкы каармандын тагдырына тикелей тиешеси жок эпизоддор бир топ орун ээлеп, аларда 1916-жылдагы Үркүндүн кейиштүү сүрөтү тартылат. Бул окуялардын кайгычылык баш каармандын тагдырынын кайгычылык кем калбайт. Үчүнчү бөлүктүн ортосунан, энеси Батма ооруга чалдыккандан кийин гана окуялар Ажардын айланасында жүрө баштайт[2].
Повесттин аягында Ажар карышкырларга таланып өлөт. Кыргыз жазма адабияты жаңыдан түзүлө баштаган мезгилге таандык бул чыгармада көркөм стиль, сюжет куруу жана образдарды шөкөттөө жагынан орчундуу өксүктөр орун алган[3]. Ошого карабастан повест окурмандардын сезимине таасир берүүчү күчтүү кудуретке эгедер. Бул касиет ошол учурда кыргыз эли дуушар болгон эбегейсиз кайгылуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган каармандардын сезимдери жөнөкөй жана жасалмасыз баяндалып берилгендиги менен түшүндүрүлөт. Ушундай касиеттеринин аркасында Касымалыдын «Ажар» повести кыйла узак убактан бери улуттук адабияттагы маанилүү ордун жоготпой келүүдө жана ал азаттык талашкан кыздардын бири.
Remove ads
Интернеттеги шилтемелер
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads
